Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

КООМДУК УЮМДАР НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА КАМЫНЫП ЖАТАТ


Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдары менен саясий партиялар тынч максатта жөө жүрүш жана митинг өткөрүү камын көрүп жатышат. Сегизинчи жана он экинчи апрелде өтөрү күтүлүп жаткан бул акцияларда өлкөдө мыйзамдуулукту сактоо, кылмыш дүйнөсү менен бийликтин кошулуп кетишине жол бербөө ураандары чакырылат.

Жарандык коомдун өкүлдөрү акция өткөрүү демилгесин өткөн аптанын башында көтөрүп, ошондон бери камылганын үстүндө келатышат. Ошондуктан, муну жеке гана Балыкчы шайлоо округунан талапкер Рысбек Акматбаевге байланыштырууга болбойт. Уюштуруучулар ушундай пикирлерин билдирип жатышат:

- Конкреттүү бир адамга, бир инсанга байланыштуу уюштуруп жаткан жерибиз жок. Муну тигил же бул адамга байлабашыбыз керек, - деди 6-мартта уюштурулган маалымат жыйынында Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын жооптуу катчысы Жыргалбек Турдукожоев.- Коом кылмышташып баратат, кылмыш күчөп баратат десек бийликтегилер «жо-ок, антип тынчсызданганга негиз жок. Бул деген миф» деп атышат. Кантип анан унчукпай тура алабыз?

Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн бири, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын көз карашында бул акцияны уюштурууга мыйзамдуу иш алып барган расмий бийликке караганда, айрым жеке адамдардын таасиринин күчөп баратышы түрткү болду:

- Көп адамдар ошо рысбектерге ишенип, ошолордон коргоо издеп атышат. Ошонун өзү бүгүнкү күндө өлкөбүздүн укуктук мамлекет катары өнүгүүсүнө терс таасир этип атат.

Маалымат жыйынында кабарланганга караганда, жөө жүрүш менен коштолгон митингди өткөрүү демилгесине 23 коомдук уюм макулдук берди. Алардын катарында бейөкмөт уюмдардан тышкары «Ар-намыс», «Асаба», Демократиялык күчтөр, жашылдар партиялары бар. «Атамекен», Социал-демократтар, «Кайран эл» саясий партиялары да бул иш чарага тилектеш экендигин маалымат жыйынында Демократиялык күчтөр саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов билдирди:

- Бул демонстрация тынч жана бейкуттукта өтөт. Мамлекеттик органдар да өз салымын кошушу керек. Демонстрациянын уюштуруучулары болгон чараларды көрүп жатышат.

Ошондой болсо да демилгечилер жөө жүрүш менен коштолгон тынч митингди өз кызыкчылыгына пайдалануу максатын көздөгөн чагымчыл аракеттер болуш ыктымалдыгын жокко чыгарышпайт. Ошондуктан, алар иш чараны башынан аягына чейин видеотасмага түшүрүүнү көздөшүүдө. Алардын айтымында, эң негизгиси Бишеке шаар мэрине, Бишкек шаардык ички иштер кызматына коопсуздукту камсыздоону сурап кайрылышты. Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин көз карашында чагымчыл аракеттерге бийликтен башка эч ким барышы мүмкүн эмес. Бирок, мындай пикирди президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун негизсиз деп эсептеди:

- Эч кандай чагым болбойт. Пикет, митингдерге байланыштуу чогулуштар болуп атат, башкалар болуп атат, бирок, бут тосуу боюнча, провокация боюнча эч кандай сөз болгон жери жок.

Анткен менен ушул эле күнү маалымдалганга караганда, Бишкек шаар мэри Арстанбек Ногоев нааразылык акцияларын чектөө жөнүндө өзүнүн сунушун ушул күнү шаардык кеңешке сунуштап, бирок, колдоо тапкан жок. Бишкек шаар мэри тигил же бул жагдайга байланыштуу нааразылык билдирген тынч акцияларды өткөрүүнү чектеген мурдагы бийликтин чечимин ушул жылдын башында жокко чыгарган болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG