Атуулдук уюмдардын кылмыштуулукка каршы демонстрациясы «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар бирикмесинин демилгеси менен өтүүдө. Бул иш чараны «Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы» баш болгон жыйырмадан ашык коомдук жана саясий уюмдар колдоого алышкан.
Жүздөгөн адам катышкан демонстрация бүгүн саат ондо Бишкек шаарынын түштүк дарбазасынан башталып, Ала-Тоо аянтына чейин жетти. Андан кийин борбордук аянтта митинг өттү. Митинг «Атуулдар стабилдүүлүктүү талап кылышат!», «Кылмыштуу дүйнө менен сүйлөшүү болбосун!» деген сыяктуу ураан-талаптар менен коштолду.
Митингге чогулгандарга мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов чыкты. Бирок манифестанттар анын сөзүн укпай Президент К. Бакиевдин өзүнүн келишин талап кылышты.