Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:37

АПТА КААРМАНЫ: УЛУТТУК БАНКТЫН ЖАҢЫ ТӨРАГАСЫ МАРАТ АЛАПАЕВ


31-марттагы Президент жарлыгына ылайык Улуттук банк төрагасынын милдетин аткаруу буга чейин «Бакай» акционердик-коммерциялык банкын башкарып келген Марат Алапаевге жүктөлдү. Улуттук банктын жаңы жетекчисин дайындоого парламент макулдук бериши керек.

Улуттук банктын жаңы төрагасы тууралуу маалымат өтөле суйдаң. Буга чейин жаңы төрага Данияр Үсөнов менен Мухаммед Ибрагимовго тиешелүү эки коммерциялык банкты уюштуруп, жетектеп келгенин Улуттук банктын коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдама катары таратты. Жаңы төрага ушу тапта парламент сыноосуна камынып, убакты-саатынын кыйласын уюштуруу иштери менен өткөрүүдө. Ошол себептүү анын алдыдагы иш-максаттары тууралуу пикирин алуу мүмкүнчүлүгү болбоду.

Марат Алапаевдин жаңы орунга келип отурушу көптөр үчүн күтүүсүз болду.
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановго каршы козголгон кылмыш ишин соттук териштирүү башталгандан кийин президент жарлыгы менен кызматтан убактылуу четтетилип, төрагалык орунда бираз убакыт орунбасары Максатбек Ишенбаев отуруп калбадыбы.

1999-жылдын 22-декабрында Баткендеги окуяларга байланыштуу делинген 420 миң доллардын а кездеги президент А.Акаевге берилишинин дарек-дайнын иликтеген сот башталганда эле Улан Сарбанов анын кызматтан кетишине кызыкдар күчтөр көп экенин журналисттер алдында жарыя кылган.

- Ушундай болуп атышы кимдир бирөөлөргө керек болсо керек. Улуттук банктын төрагасынын кызматы көпчүлүккө жыргал кызмат катары көрүнүп атканы деле таңкалыштуу эмес. Мен бул ишти жыргал жумуш деп эсептебейм.

Антсе да Улуттук банк төрагасы президент ишине тыкан жетекчини кызматтан алуу же албоо маселесин өзү гана чече тургандыгын маалым кылган.

- Президент мага жумуш берүүчү киши. Мени парламенттин макулдугу менен президент дайындайт. Принцибинде аты анчалык чыкпаганы менен, ишти тыкан аткарган мамлекеттик кызматкер катары мен эми мага жумуш берүүчүнүн, президенттин чечимин күтөм.

Улуттук банктын мурдагы төрагасы К.Нанаевди да ушу тапта ачылган кылмыш иши ээрчип жүрөт. У.Сарбанов убактылуу кызматынан четтетилгенден кийин анын ордун айтылуу «Энергобанкты» жетектеп келген, жаңы бийлик тушунда Улуттук банк төрагасынын орунбасары болуп иштеп аткан Максатбек Ишенбаев бираз убакыт ээлеп калды. Убактылуу төрага жыл башынан берки эки айлык экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу парламентте баяндама жасап, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөн.

Өткөн жылды «өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» менен аяктоого жетишкен Кыргызстандын бу жылкы экономикалык көрсөткүчтөрү дурус болорун маалымдаган. Эгер сырткы бир таасирлерге эле кабылбаса быйыл деле инфляция деңгээли 5% ашпасын ал маалымат жыйынында ырастаган.

- Сырттан бир капыс оорчулук, мисалы, газдын баасы көтөрүлүп, биздин монополисттер электр энергия акысы асмандатып ийбесе инфляция көтөрүлүп кетет деп айтышка негиз жок.

Улуттук банктын ушу тапта мактаныч кылып айтчу жүйөөсү катары банктар ортосундагы акча сооданы өздөрү эле жүргүзүп, акча-кредит саясаты туруктуу сакталары белгиленип келатат. Парламенттен колдоо табылса, кыйладан бери кептен башы чыкпаган Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы жеке менчикке өткөрүлүп, анын негизинде айыл банкын түзүү иши башталмакчы.

Улуттук банктын жаңы төрагасы Марат Алапаев эмгек жолун окутуучулук иштен баштап, 1992-жылдан тарта кыймылсыз мүлк жана баалуу кагаздар биржасында жетекчинин орунбасары болуп иштеген. Эки жылдан соң айтылуу «Эридан» корпорациясынын түзүүгө катышып, ага аты уйкаш банк кеңешин башкарган. 1998-жылдан тарта «Бакай» банкынын жетекчиси.

Кыргызстандын банк секторундагы орчун делген проблемалардын биртобу, атап айтканда, уставдык капиталы жука кыргыз банктарынын бир четтен казакстандык ишкерлердин колуна өтүп жатканы, кредит портфелдеринин аздыгы, үстөк пайыздарынын көптүгү сындуу маселелер жаңы жетекчиликти ойлонтот болуу керек.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков кыргыз банктарынын чет элдиктердин колуна өтүп атышы Кыргызстандын өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүшүнө тоскоол кылышы мүмкүн дейт.

- Мына биз коммерциялык банктардын 80% коңшу мамлекетке, казакстандык банкирлерге берип салдык. Акча-кредит саясатын жүргүзүүдө булар өзүнүн шартын таңуулап коюшу мүмкүн. Себеп дегенде, негизги коммерциялык банктарды булар кармап жатат. Мына «Кайрат» банкы. Ал банкрот болгондо мамлекет акча берди да, анан казакстандык инвесторлорго сатып жиберди.

Эмне үчүн мамлекеттик банк болбош керек? Болуш керек. Эгерде жаңы келген төрага ушундай саясат жүргүзүп, Кыргызстандын кызыкчылыгын колдой турган киши болсо – анда жакшы. Эгер аны жасай албаса мен ал кишини колдобойм. Бирок менин угушумда ал «Бакай» банкын башкарган мыкты администратор. Эми бул жердеги ишин көрөбүз.

Мына банк системасы азыр кредит алам дегендерге кредит бере албай жатат. Мисалы айыл чарбасына иштегендерге берилген кредиттин үстөгү 10% ашса бул эч кандай пайда алып келе албайт. Завод-фабрика курам дегендерге берилчү кредит көп, узак мөөнөткө эсептелиш керек. Андай банктар аз.


Парламент депутаты Авасбек Момункулов уставдык капиталы аз коммерциялык банктар биригиши керек дейт.

- Улуттук банк чынында эле улуттук болуш керек. Антип бекер айтылбайт. Улутту коргогон банк болушу керек. А бүгүнкү биздин банктардын кебетелерин карагылачы. Башкаларчылап 4- 5 жылга кредит бере албаса же бир уставдык фонду мыкты болбосо.

Булар үч-төрт айга кредит берип, бир жылга берип, орустар айтмакчы, «абадан эле акча жасап» жатышат. Биздин банктар чалажан банктар болуп атышпайбы. Мына Орусияны карасаңар. Килейген, миллиарддаган акчалары бар ири банктар биригип жатышат. Акчаны бир жерге чогултуп, экономиканы жылдыралы, кредиттин үстөк пайызын азайталы деп, ошого аракет кылып жатышат. Биздикилер кайра чачырап жатышат.

Биздин кычыраган банктар башка өлкөлөрдүн банктарына салыштырганда жөн эле акча алмаштыруучу пункт болуп калышат. Улуттук банк ушул жагынан бир тартипке алып келиш креек. Азыр банктар элди кедей кылып жатат. 6 айга, 3 айга, бир жылга берип алып, анан төлөй албай канча кыргызстандыктар көчөдө калып жатышат. Мындай саны бар, сапаты жок банктардын кереги жок.


«МСН» гезитинин кабарчысы Лариса Линин пикиринде, банк кредиттеринин үстөк пайызынын көптүгү саясий –экономикалык туруксуздукка байланыштуу.

- Акчасын карызга берген ар бир банкир чоң тобокелчиликке барат. Көп акчалар кайтарылбай калууда. Жакынга чейин эле айрымдар акча алып кайтарып бербей жүрүшпөдүбү, банктар эч нерсе кыла албайт. Күрөөгө койгон мүлкүн сатыш мүмкүн болбой калган учурлар көп эле болду. Анан да кээде сот карыз алган тараптын таламын коргойт. Коммерциялык банктар соттошо баштаганда соттор кээде акча кайтара албай калганга жан тартып коюшат.

Улуттук банктын төрага орунбасары Шамшыбек Молдоканов коммерциялык банктардын ишин жакшы билген жетекчилердин банк секторун башкарууга келиши сөзсүз жаңы өзгөрүүлөргө алып келет деген пикирде.

- Менин оюмча, бизге коммерциялык банктарда иштеген, ишти мыкты билген жетекчилер келди. Албетте, өзгөрүүлөр болот. Биз аны жакшы жакка өзгөрүүлөр болот деп ойлойбуз. Банктардын капиталын көтөрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз.

Коммерциялык банктардын өздүк капиталынын өлчөмү ушу тапта 60 миллион сомго жетип калды. Эки жылдан кийин ал 100 миллион сомго жетиши керек. Шамшыбек Молдоканов банк кредиттеринин үстөк пайызынын арбындыгы банктардын каржылык мүмкүнчүлүгүнүн чектүүлүгүнө, кредит алгысы келгендердин көптүгүнө байланыштуу деген пикирде.

Иши кылып, азыркы банк секторундагы абал тууралуу адистердин пикири аркыл. Тармактын өнүгүшүнө будоо болуп жаткан дагы бир проблема мыйзамдык негизге барып такалат. Канткен күндө да, жаңы төраганын алдында турган милдеттер арбын. Жаңыланган каржылык команданы жетектөөгө келген Марат Алапаев анын өтөлүнө чыга алабы-жокпу – мезгил көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG