Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

БАЛЫКЧЫДА ДОБУШТАРДЫ АКЧАГА, АРАККА САТЫП АЛУУ АРАКЕТТЕРИ БОЛДУ


Рита Борбукеева, Ысыккөл Балыкчы шайлоо округунда добуштарды акчага, аракка сатып алуу аракеттери болгонун шайлоо комиссиясы жана шайлоочулар өздөрү да билдиришкен.

Шайлоодо алты талапкер күч сынашып жатат. Эң көп шайлоочулар каттоодон өткөн Балыкчы шаарындагы № 8, 9 жана 10 шайлоо участкаларында тизмеге кирбей калган же туура эмес дарекке келген шайлоочулардын нааразы болуп жатышты.

Участогуң тигил жакта деп жатат. Эми ошол жакка барам,- дейт ардагер шайлоочу Тойгонбаева Мария.

- Эми бул үгүт иштеринин катачылыгы. Булардын үйүнө барып, арыз жазып, үкөктү көтөрүп барып шайлатыш керек болчу,- деди № 9 шайлоо участкасынын мүчөсү Суранчиева Чынара.

Балыкчы шайлоо чөлкөмүндө 27507 шайлоочу тизмеге алынып, жыйырма алты жерде шайлоо участкалары иштеп жатат. Элдин пикиринде бул жолку шайлоонун келечегине элдин ишеничи чоң.

-Буга чейинки элдердин ишеними такыр кеткен да. Бул жолку шайлоодо бир адамга ишенип турабыз,- дейт өзүн Зайырбек деп тааныштырган жигит.

- Менин оюмча шайлоо биринчи тур менен эле өтөт болуш керек. дейт айыл тургуну Гулнур.

Кайсы шайлоочуга барбайлы талапкерлердин көпчүлүгүн жергиликтүү элге эмгеги сиңбеген адамдар катары мүнөздөп жатышат.

- Өзүң билип, көргөн кишиге добушуңду бересиң да. Тааныбаган талапкерлер убада бере берсе эле кантип бересиң. Эч кимисин тааныбайбыз. Рысбектен башка,- деди Жеңиш Орозакунов.

Айрым талапкерлердин жактоочулары спирт ичимдиктери менен шайлоочуларды үгүттөп жаткандыгына күбө болгондор да бар экен.

-Макул, шайлайм деп арагын ичип алып кетип калдым. Биро,к ал кишиге добушумду берген жокмун,- дейт атын атабаган шайлоочу.

Добуштарды акчага, аракка сатып алуу аракеттери болуп жатканын шайлоо комиссиясы дагы белгилейт.

№ 69 Балыкчы шайлоо комиссиясынын төрагасынын айтуусунда шайлоого шайлоочулардын кырк бир пайызы келип добуш беришти. Мындай аз көрсөткүч дем алыш күнүнө туш келип, секундасына 20-25 метр шамал болуп жаткан аба ырайына да байлананыштуу болуп жатканын айтышууда.

Балыкчы шайлоо аймагынан депутаттыкка өткөндө 10 талапкер ат салышса, быйыл адегенде тогузу катталып, үчөө каттоодон баш тарткан. Анын экөө тактап айтканда Байзаков менен Алдаяров иш кызматы жана башка жүйөөөлөр менен шайлоого катышууну каалашкан эмес.

XS
SM
MD
LG