Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

ИТАЛИЯ ТАНДООНУН АЛДЫНДА


Италияда бүгүн жалпы шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүгө чейин жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, Еврокомиссиянын мурдагы төрагасы Романо Проди жетектеген оңчул-борборчул оппозициянын шанстары премьер-министр Силвио Берлусконинин консерваторлоруна караганда жогорураак деп айтылууда. Кечээ аяктаган шайлоо өнөктүгү өтө курч мүнөзү менен айырмаланды. Берлускони өзүн колдобогондорду “макоолор” деп атаса, Проди болсо сыналгыдагы дебаттардын маалында премьерди аракечтерге салыштыра кетти.

Добуш берүү жигердүү башталды. Эртең менен шайлоо бекеттеринин алдында кезек күтүп турган шайлоочуларды көрсө болот эле. Мыйзамга ылайык, элдин пикирин сурап-билүүлөрдү жарыялоо эки апта мурун токтотулган. Бирок андан мурунку маалыматтарга таянсак, Романо Проди Силвио Берлускониден озуп кетиши ыктымал.

Добуш берүүчүлөрдүн бири Продини колдогондордун пикирин “Азаттыкка” мындайча ортого салды:

- Мен оңчулдарга добуш бергени жатам, себеби өзгөрүүлөр болот, өзгөчө жакырларга көбүрөөк көңүл бурулат деп үмүттөнөм.

Сурамжылоолорго таянып жасалган жоромолдор туура болуп чыкса, бийликке медиамагнат, Италиянын эң бай адамдарынын бири Силвио Берлусконинин ордуна өлкөнүн контингентин Ирактан тезирээк чыгарууну, компаниялардын салыктарын азайтууну убада кылган Романо Проди келет.

Берлускони шайлоочуларды өзүнө тартыш үчүн Продинин шериктеринин арасында коммунисттик партия бар экенин эске салып, “кансыз согуш доорундагы” реториканы да колдонуп жүрдү.

Берлусконинин ошондой сөздөрүнүн бири Кытай менен баарлашуудагы оңтойсуз жагдайга да алып келди:

- ”Коммунизмдин кара китебин” окусаңар, ал жерде Мао Цзэдундун учурунда Кытайда балдарды кайнатып туруп, жер семирткич катары колдонушчу деп жазылган. Бул абдан коркунучтуу угулганы менен, чындык болгон.

Эгерде Проди шайлоодо жеңип, өкмөт кура турган болсо, адегенде коалиция маселесин чечүүгө мажбур болот. Берлускониге каршы турумда бириккен шериктердин арасында реформаланган коммунисттик партиядан баштап Рим католиктердин чордончулдарына чейинки ар кыл саясий топтор бар.

Тышкы саясатта болсо байкоочулар Проди Берлусконинин АКШга карай багытын өзгөртүп, Европага артыкчылык берет деп санашат.

Шайлоо эртең (дүйшөмбүдө) түшкө чейин улантылып, алдын-ала жыйынтыктар ошол эле күнү кечинде чыга баштайт.

XS
SM
MD
LG