Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:51

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ЖАНА ЧОҢ САЯСАТ


Алдын ала маалыматтар боюнча, № 69 Балыкчы чөлкөмүнөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо Рысбек Акматбаев 79% добуш алды. Муну менен Р.Акматбаевдин чоң саясатка жолу ачылды дешет талдоочулар.

9-апрелден тартып Кыргызстандын саясат тактасында Рысбек Акматбаев аттуу жаңы фигура пайда болду. Талдоочулардын пикиринде, эми ал мыйзамдуу фигура, болгондо дагы мыйзам жаза турган фигура. Акматбаевдин жакын санаалашы Исмаил Кочкаровдун 30-мартта «АКИпресстеги» сөзү менен айтканда, Рысбек Акматбаев эми кайсы бир кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү эмес, эми ал - саясий фигура.

Албетте, 9-апрелге чейин Кыргызстан эле эмес, бүтүн дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган бул окуянын башаты Азимбек Бекназаров баш прокурор болуп турганда от алган. Бекназаров чоң кылмыштарга шектелип, эчен жылдан бери издөөдө келаткандарды өз эрки менен прокуратурага келсин деп чакыргандан башталган. Шалкар Жайсаңбаев, Эдуард Пак менен катар мындай оңдой бердиден Рысбек Акматбаев да пайдаланды. Бул туурасында Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолоруна» чакырылганда Жайсаңбаев, Пак, Акматбаевден эч кандай акча албаганын, Акматбаевдин иши сотко өткөнүн айткан эле:

- Эми Жайсаңбаев, Акматбаев ушул мага акча бере турган кишилерби!? Анан иш аягына чыкпай жатат деп ким айтат, аягына чыкканы үчүн Акматбаев бүгүн сотто отурабы!? Мына бүтө турган иш – 9 томдук ишин Акматбаевдин – бүтүрдүк, бүгүн сот болуп жатат.

Акматбаев андан кийинки баардык соттордо жеңип чыкты. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов Кыргызстандын соттору бул ирет дагы адилет чечим чыгарганын айтып чыкты:

- Ак үйдөн эч кандай таасир болгон жок. Абдан туура чечим кабыл алынды.

Рысбек Акматбаевдин жаңы бийлик менен жакындашып, камыр-жумур экени Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси баштаган адамдар Алатоо аянтында ал ак өргөө - боз үйдө отурганда барып, ачык сүйлөшкөнүнөн кийин элге дайын болгон. Андан соң, адистердин айтымында, Чолпон-Атада Эр Табылдынын тоюна вице-премьер-министр Адахан Мадумаровдун атайын ат арытып барып, катышуусу дагы Рысбек Акматбаевдин зоболосун карапайым ысыккөлдүктөрдүн арасында опол тоодой эле көтөрүп салган.

Ал арада анын соттолгону жоюлган-жоюлбаганы талашка түшүп, премьер-министр Ф.Кулов Жогорку сот, Адилет министрлигине кат жолдоп, кайрыла баштады. Феликс Куловду эркекче сүйлөшүүгө чакырып келаткан Рысбек Акматбаевди болсо премьер-министрдин мындай аракеттери огобетер жинин кайнатты. БШК чечими менен ал шайлоодон четтемекчи болуп калганда өз тарапкерлери менен Ак үйдү курчап, Феликс Кулов кызматтан кетиши керек деп билдирди:

- Менин депутат болгум дагы келбейт. Жөн эле жүргөм, жөн эле жүрө берем. Кулов кетсин!

Азыр ушул тапта коомдо Рысбек Акматбаев сыяктуу эле Кулов деле түрмөдө отуруп чыккан, экөөнүн кандай айырмасы бар деген пикирлер айтылууда. Кулов менен Акматбаевдин айырмасын атургай Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов деле көп ажыраткысы келбейт:

- Эгер мындай логика менен барсак, анда премьер-министрди деле ошентип айтса болот да, соттолмок тургай отурган, деп.

Юристтердин пикиринде Кылмыш-жаза кодекси боюнча Кулов менен Акматбаевдин мурда соттолгон, кийин жоюлган статьялары таптакыр башка. Анан - бири саясий куугунтукта жүрүп соттолгон, экинчиси - турмуш-тиричиликтеги оор кылмыштарга айыпталып, акталды. Экөөнү тең 24-марттагы окуялар алдыңкы катарга алып чыкты. Мурдагы президент Аскар Акаев «Рысбек Акматбаев сыяктуу адамдар менин тушумда качан саясатка аралашчу эле?!» деп, «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирген эле:

- Менин убагымда, билесиздер, Акматбаев жана башка криминалдык авторитеттердин кайда экендигин, ошол ачыкка чыгып, саясатка кийлигишчү беле? Бийликтин криминал менен чырмалышы бул - мамлекеттин келечегине туудурулган өтө чоң коркунуч.

Рысбек Акматбаев боюнча соттор кабыл алган чечимге президент К.Бакиевдин 30-мартта Ак үй алдында сүйлөгөн сөзү катуу таасир берди деген пикирди мурдагы министр Роза Отунбаева бекем тутунат:

- Мына сот деген эч убакта адилеттүү иштеп бербейт. Дем алыш күнү, керек болсо иштеп берет, команда боюнча.

«Кылмыштуулукка каршыбыз!» деген ураан алдында 8-апрелде өткөн жөө жүрүштө депутат Өмүрбек Текебаев Кыргызстан эми мындан ары мыйзам менен эмес, түшүнүктөр менен жашап калуу коркунучу бар экенин айтты. Рысбек Акматбаев менен келген элге жолугушууга чыккан президент К.Бакиев 8-апрель күнү «Кылмыштуулукка каршыбыз!» деген ураан чакырып келген элге чыккан жок.

XS
SM
MD
LG