Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:14

БАЛЫКЧЫДА РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ДЕПУТАТ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ


Рита Борбукеева, Ысыккөл №69 Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышкан алты талапкерден Рысбек Акматбаев 79 пайыз добуш менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды.

Шайлоо бир тур менен өтүп, алты талапкерден Рысбек Акматбаев 79 добуш алып, 13 миң шайлоочунун ишеничи менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп аныкталды. Экинчи орунда Дегенбаев Таалайбек 6,8 пайыз менен, үчүнчү орунга Эгембердиев Өмүрбек 6,4 пайыз менен чыкты.

Округдагы 26 шайлоо участкасынын 16сы Балыкчы шаарында, ону Ысыккөл районунун аймагында болду. Жергиликтүү байкоочулар мындай чакан округга чет элден келген журналист байкоочулардын басымдуулугу биринчи окуя деп баалашты.

Монголиядан элдик кыймылдан 4 өкүл келсе, Швейцариядан “Новая сутуйская” газетасынын баяндамачасы Маркос Бенстан өлкөдөгү криминалдык авторитет атыккан адам менен премьер-министрдин араздашууларына өзгөчө кулак түрүп атканын билдирди. Швейцариялык журналист Рысбек Акматбаевдин жүзүн ачып берүү үчүн анын өзүнө жолугуп ал жөнүндө макала даярдаганы келгенин жашырган жок.

Ал эми казакстандык журналист Светлана Мeнщенко кайтыш болгон инисинин керезин аткарам деп Рысбек депутаттыкка аттанды деп ойлойт.
-Рысбек Акматбаевдин кадамы чоң саясатка айланды. Ошондуктан коңшу өлкөбүздө болуп аткан мындай маселелерге кайдыгер карай алган жокбуз – деди Комсомольская правда газетасынын кабарчысы Светлана Мeнщенко/

Ал эми шайлоочулар болсо Рысбек Акматбаевдин үгүт ишинде өз программаларын плакат, көрнөктөр менен таптакыр жарыялабаганын дагы бир өзгөчөлүк катары кабыл алышканын белгилешти.

XS
SM
MD
LG