Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

АЛЕКСАНДР ЛУКАШЕНКО АНТ БЕРҮҮ КААДАСЫН ӨТКӨРДҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Беларус президенти Александр Лукашенко ишемби күнү жаңы министрлер кеңешин түзүп чыкканга дейре кызматын уланта берүүнү беларустук өкүмөткө тапшырды. РИА «Новости» агенттиги белгилегендей, «Беларус жумурияты өкүмөтүнүн укугу тууралуу» Жарлык Лукашенко инаугурациядан кийинки кол койгон алгачкы документ болду.

Агенттиктер жазганга караганда Александр Лукашенко жеңишке 19-мартта жетсе да анын салтанаттуу тушоо кесүүсү 8-апрелде өттү. Бул жолку инаугурация каадасына дипломаттарды эске албаганда бир да чет элдик аттуу баштуу конок келген эмес. Лукашенко ыраазылыгын билдирген Орусия, Куба, Иран жана Кытайдан да конок болгон эмес. Маскөөдөн гана Рушайло менен Бородин катышкан.

Минск калаанын Октябрь майданында шайлоодон чыккан чырдан улам башында Милинкевич менен Козулин турган оппозициячыл жаат алачык тигип бир нече күн ал жерде нааразылык акцияларды уюштурган. 5-апрелде алар киргизген доону жумурият Жогорку соту четке кагып, ошондон соң бийлик акция өткөрүп аткандарды майдандан кууп салган.

Лукашенко дал ошол Октябрь майданында аскерий парад өткөрдү. Майдан алдында сүйлөгөн сөзүндө батыштык саясатчыларды сындады:
«Беларустун иммундук системасы абдан бышык. Алардын (Батыштын – ММ) «түстүү ыңкылапты» жугузабыз аракеттери ал уунун күчүн жоготуучу илдет болуп кайра алардын башына тийди», - деп айтты Лукашенко инаугурация маалында.

Беларуста өткөн шайлоону тааныган Орусия президенти Путин март ичинде эле куттуктоо жиберген. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган Кошмо Штаттары менен батыш өлкөлөрү кайсы бир чараларды көрүү үчүн кам көрүп атышат дешет. Европа Биримдиги маселен 6-апрелде беларустук кызматкерлерге батыш өлкөлөрүнө каттоого тыюу салуучу атайын чечим кабыл алган. Агенттиктер билдиргенге караганда андай тизмеде президент Лукашенко баш болгон 31 беларустук жогорку кызматкерлер ысымдары бар.

Мындай кырдаалды орусиялык саясий төбөлдөр кескин сынга алууда. Мамдумада сүйлөгөн сөзүндө айтылуу Владимир Жириновский, орусиялык парламент мүчөлөрү ага каршы экенин билдирди:
«Бул көз караш, албетте, туура эмес. Ушундай эле айыбын ачкан чараларды колдонуу үчүн биз (Мамдума – ММ) Европалык Биримдикке Украина жетекчилигин да сунуштай алабыз», - дейт ЛДПР лидери.

Беларустук оппозиция «Разам» («бирге» - ММ) тобунун демилгеси менен инаугурация өткөн 8-апрель күнү Октябрь майданына элди чыгууга үгүттөө аракети жазалган, бирок үгүттү бийлик элге жеткирткен эмес.

Быйылкы президенттик орунду талашкандар баарынын денсоолугу дурус эмес экени туурасында басылмалар жаза башташты. Эч убакта оорудум дебеген «батька» -Лукашенко үч аптача жашырынып ооруп жатып сакайганын каңкуулашууда. Страсбург калаада Европалык Биримдик олтуруму үстүндө мурдагы талапкер Милинкевичтин шайы кетип баратканда «тез жардам» чакыртылган. Бийликтин таягын жеп азыр камоого чейинки кармоодо жаткан дагы бир мурдагы талапкер Козулиндин абалы да жаман дешет.

Кечөө эле советтик жумрияттар бири болгон Литвада капитализмди орнотуу оң жыйынтык берип атканын «Литовас Ритас» гезитинин башкы редакторунун орун басары Волоткас Римвидас айтат. Кандай болгондо да «батьканын» режими урап калары сөзсүз дейт биздин радио аркалуу айткан пикиринде:

«Маселен, Литвада башкы маселелер эбак чечилген. А Беларус үчүн аларды чечүү алдыда. «Батька» качандыр бир өлөт ошондо реформаны баары бир турмушка ашыруу керек болот», - дейт литвалык журналист Римвидас мырза.

Кошумчалай кетчү жери - үчүнчү жолу жогорку орунга шайланган Лукашенкону «батыштын акыркы диктатору» деп калышат жана ал бийликте турганы Беларус Конституциясы эки жолу кайра жаздырылган.

XS
SM
MD
LG