Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

ЕВРОСОЮЗ БЕЛОРУС ЧИНОВНИКТЕРИНЕ ВИЗА БЕРБЕЙ ЖАЗАЛАЙТ


Белорустун президенти Александр Лукашенко баш болгон 31 даражалуу атка минер мындан ары Евробримдиктин өлкөлөрүнө киргизилбейт. Биримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембургда болчу жыйында ушундай чечим кабыл алаарын уюмдун мартабалуу дипломаты “Азаттык” үналгысына билдирди. Евробиримдик бул тизмедеги ырасмий адамдарды 19-мартта Белоруста болгон президенттик шайлоонун адилет өтпөгөнүнө жана өнөктүктөн кийинки оппозиция уюштурган нааразылык акцияларын күч менен басууга жооптуу деп санайт.

Евробримдиктин атын атабаган бийик даражалуу дипломатынын “Азаттыкка” айтышынча, Белорус оппозициясынын лидери Александр Милинкевич шайлоого жооптуу 100дөгөн ырасмий адамдардын Биримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө виза берилбесин деген демилге менен чыккан.

Милинкевичти Польша, Литва жана айрым Түндүк Европа өлкөлөрү колдогон. Ал эми Германия, Бельгия жана Люксембург, тескерисинче, “аша чапкандыктан качалы” дешип, акыр соңунда тизмеде президенттик администрациянын жетекчилери, өкмөт мүчөлөрү, соттор, шайлоо комиссияларынын башчылары болуп, бардыгы 31 адам калтырылган.

Польша менен Литва атүгүл айрым кымбат баалуу товарларды Белоруска экспорттоону токтотууну да сунуш кылышкан. Еврокомиссиянын өкүлү Эмма Ундвин айымдын сөзүнө караганда, Евробримдик жетекчилерге каршы багытталган чарадан карапайым белорустар жабыркоосун каалабайт. Андыктан, сунушту колдогон эмес:

-Менин оюмча, калкы көзкарандысыз маалымат алалбаган Белорус сыяктуу өлкө менен иш жүргүзүп жатканда, бул абдан маанилүү. Ошон үчүн биздин билдирүүлөрүбүз ачык-айкын болуп, мүмкүн болушунча жаңылыштыкка жол бербешибиз керек. Андыктан биз-бул чара шайлоо эркин жана калыс өтпөгөнү үчүн киргизилүүдө деп айтып жатабыз. Эмне болгонун эл өзү түшүнгөн.

Атын атабаган дипломаттын “Азаттыкка” айтышынча, Люксембургдагы жыйында Белорустагы шайлоодон кийинки демонстрациялар маалында кармалып, али сот өкүмүн күтүп жаткан оппозициянын тарапкерлерин абактан бошотууну талап кылган кайрылуу кабыл алынат. Андан тышкары башка өлкөлөрдү да президент Лукашенконун администрациясына каршы чара көрүүгө чакырылат.

Белгисиз калууну каалаган дипломаттын сөзүнчө, Евробиримдик менен АКШнын дипломаттары жакынкы күндөрү Россияга кайрылып, Белорустагы шайлоонун адилет өтпөгөнүн жана андай кийинки оппозиция тарапкерлеринин нааразылык акцияларын күч колдонуп таркатуусун айыптоого кошулууну сурашат.
Россия Лукашенкону жеңиши менен куттуктаган.

Биримдиктин дипломатынын айтышынча, виза азыркы 35евронун ордуна 60 евро болмокчу. Бирок, виза белорус жарандарына бекер же арзан баада берилиши тууралуу да кеп жүрүүдө. Ошол эле маалда, Евробримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү бул жактагы белорус студенттери кыйналбай окугандай болуусу үчүн, атайын программаларды ачууга даяр экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG