Эң көп добуш маркум Баяман Эркинбаевдин жесири Чолпон Султанбековада, ал добуш бергендердин 37,2пайызынын колдоосуна ээ болду. Андан кийинки көп упай топтогон талапкер Нооман Аркабаевге шайлоочулардын 24,4 пайызы добуш берген.
Кадамжай шайлоо округу боюнча добуш берүү солгун жүргөнүн жергиликтүү байкоочулар аба ырайынын катаалдыгына жана калктын шайлоолордон чарчаганы менен түшүндүрүштү.
Баш-аягы болуп шайлоого 120 бейтарап байкоочу, сегиз эл аралык байкоочу көз салышкан. Адам укугу жана демократия борборунун узак мөөнөттүү байкоочусу Самаранын айтымында, мурдагы шайлоолорго караганда добуш берүү ачык жана айкын жол менен өттү.