Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

“КЫРГЫЗ ТАМЕКИСИ” ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн парламентте депутат Иса Өмүркуловдун Айыл чарба министрлигинин иши канаттандырылбасын деген сунушу көпчүлүк добуш менен өткөн жок. Ошондой эле “Кыргыз тамекиси” мамлекеттик акционердик корпорациясын Айыл чарба министрлигине кошуу боюнча депутат Асамидин Мариповдун демилгеси да колдоого алынбады.

Жогорку кеңеште Айыл чарба министрлигинин бир жылдык отчету кызуу талкууга алынып, көпчүлүк депутаттар министр Абдималик Анарбаевдин бул тармактагы иш аракетин катуу сынга алышты. Айрым депутаттар «Кыргыз тамекиси» мамлекеттик акционердик корпорациясын Айыл чарба министрлигине кошууну сунуш кылышты. Депутат Асамидин Марипов дыйкандардын эмгегин баалабаган аталган корпорацияны жоюу керек деген пикирде:

-«Кыргыз тамекиси» элдин эмгегин баалабагандан кийин, аны коррупциялашкан орган катары сөзсүз түрдө жоюшубуз керек.

Асамидин Марипов белгилегендей, Казакстанга салыштырмалуу «Кыргыз тамекиси» төрт эсе бааны арзан коюп, көптөгөн дыйкандар тамеки иштетүү үчүн Казакстанга жалданма жумуштарга кетүүдө.

Анын мындай пикирине «Кыргыз тамекиси» мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директору Жаңыбай Жамшитов макул эмес. Анын айтымында, быйыл тамекинин сырьесун алууга баа көтөрүлгөн, дыйкандардын Казакстанга кетүүсүнө түштүк региондогу үлүш жерлердин аз берилиши башкы себеп болууда. Жаңыбай Жамшитов өзү башкарган корпорацияда коррупция болушу мүмкүн эмес, деп ишендирди:

-Биз инвесторлор менен иштейбиз. Мисалы үчүн «Даймонд», «Стан-Сун» деген дүйнө жүзүндөгү америкалык компаниялар. Алар эч качан коррупция болушкан эмес. Эгерде ошолор коррупция болсо анда биз дагы коррупциябыз. Андай мүмкүн эмес да.

Жаңыбай Жамшитов коррупцияга себеп болгудай башка бирөөлөр менен байланышыбыз да жок, деген пикирде. Ал эми депутат Асамидин Мариповдун айтымында, «Кыргыз тамекисинде» миллиондогон акчалар жүгүртүлүп, ага мамлекеттик бийликтегилер да кызыкдар.

Бул жерде чоң акча бар. Себеби буга чоң чиновниктер, чоң адамдар кызыкдар. Ошондуктан бул айлампанын ичиндеги адамдар «Кыргыз тамекисин» колдоп сүйлөшөт. «Кыргыз тамекиси» миллиондогон акчаларды, он миллиондогон акчаларды өздөрүнө ыйгарып алышат.

Депутат Асамидин Мариповдун «Кыргыз тамекиси» мамлекеттик акционердик корпорациясын Айыл чарба министрлигине кошуу сунушу добушка коюлуп, аны көпчүлүк депутаттар колдогон жок. Ал эми Жаңыбай Жамшитовдун айтымында, акционердик коомдор боюнча мыйзамга ылайык «Кыргыз тамекиси» акционердик коому тууралуу Жогорку Кеңеш кандайдыр бир чечим чыгарууга акысы жок. Анын мындай пикирине депутат Асамидин Марипов макул эмес.

Парламентте биз ар кандай маселени кароого акыбыз бар. Себеби мен бул маселени Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынында депутат болуп жүргөндө эле беш жыл катары менен көтөрсөм да колдобой коюшкан.

Асамидин Марипов болсо «Кыргыз тамекиси» мамлекеттик акционердик корпорациясын Айыл чарба министрлигине кошуу сунушу бүгүн парламентте колдоо таппаганы менен бул маселе жөндүү чечилмейинче Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштай бере тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG