Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

БИЙЛИК ЫҢКЫЛАПТЫН МҮДӨӨ-ТАЛАПТАРЫН АТКАРМАЙЫНЧА НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫ ТОКТОБОЙТ


Кыргыз бийлиги март ыңкылабы алдыга койгон талаптарды аткарууга киришмейинче нааразылык акциялары токтобойт. «АКИпресс» агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында жарандык коомдун, саясий партиялардын айрым өкүлдөрү ушундай билдирүү жасашты. Алар мамлекет башчыны элдик ыңкылап алдыга койгон талаптарды чукул аткарууга чакырышты.

8-апрелде нааразылык акциясына чыгышкан саясий партиялардын, коомдук уюмдардын атынан президент Курманбек Бакиевдин дарегине жолдонгон кайрылууда жети багыт белгиленген. Тагыраак айтканда, алар Конституциялык реформаны, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, тартип коргоо органдарын, улуттук телерадиокомпанияны реформалоону тездетүү, экономикалык саясаттын ачыктыгын камсыздоо, административдик ресурстарды пайдалануудан баш тартуу талаптарын коюшууда. Бул март ыңкылабы койгон негизги талаптар жана аны аткарууга жалпы элдин алдында президент убадасын берген дешет алар. Бирок, өткөн бир жыл аралыгында расмий бийлик тарабынан мурдагы бийликтен айырмалуу эч иш аткарыла элек. Мындай пикирди жактаган «Интербилим» борборунун лидери Асия Сасыкбаева эч кандай өзгөрүүнү байкаган жерим жок дейт:

- Мен маселен, бүгүнкү турмушта жаңылыкты сезбей жатам. Бизде баягы айтыла жүргөн «дүжүр чалдар» дале Акаев режиминин тушундагыдай. Кечээ КТРде айрым жолдоштор демонстрация өткөрүүнүн кажети жок, алар эл аралык коомчулукту үркүтүп жатат деп атышат.

Муну куру шылтоо деген жарандык коом өкүлдөрү, тескерисинче, кооптуулукту тынч жүрүштөр жана митингдерден эмес, азыркы бийликтин демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшпөй жатышынан көрүшөт.

Анткен менен, айрым саясатчылар жарандык коомдун талаптар менен көчөгө чыгышын саясий кызыкчылыктар менен байланыштырышууда. Маселен, Кыргызстан коммунисттик партиясынын башчысы Клара Ажибекова аталган чараны премьер министр Феликс Куловду коргоо максатын көздөгөн шылтоо катары санайт. Ал эми «Курманжан датка» уюмунун төрайымы Жылдыз Жолдошева дегеле азыр Кыргызстан үчүн эч кандай акцияларды уюштуруу кажет эмес экенин бир катар маалымат каражаттарына берген интервьюларында айтып чыкты.

31-мартта Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери менен акүй алдында президент Курманбек Бакиевдин жолугушуусу акция уюштурууга түрткөн негизги себептердин бири болду. Бул тууралуу акыркы маалымат жыйынында «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов президент маалымат жыйынында мындай деди:

- 31-мартта Курманбек Салиевич Бакиев эл менен баарлашып, элдин айтканын кылуу керек дегенде, 24-марттын сабактары жөнүндө айтканда биз дагы эл экенибизди айталы дедик. Эгер көчө демонстрациясынын тили менен сүйлөшкүсү келсе, эл ага даяр, бейөкмөт уюмдар менен саясий партиялар бүт өлкөнү чыгарууга даяр.

«Келкел» жаштар саясий кыймылынын лидери Алишер Мамасалиев бийлик азыркы кадамдардан тыянак чыгарбаса, жаштар дагы он-он беш жыл кийинки өзгөрүүнү күтүүгө чыдамы жетпейт деп билдирди. Акциячылардын айтымында, келерки демонстрация 29-апрелде уюштурулуп, ага 8-апрелдегиден да калың эл катышуусу мүмкүн деп болжошууда. Бул күнү акцияга 3 миңден 5 миңге чейин киши катышкандыгы кабарланган. Бирок, алар бул күнү президент Курманбек Бакиевдин алар менен жолугушуу үчүн чыкпагандыгын анын жаңылыштыгы катары белгилөөдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG