Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун маалыматына караганда Балыкчы чөлкөмүнөн Рысбек Акматбаев жеңип чыгып, шайлоочулардын 79 пайызына ээ болду. Ал эми Кадамжай жана Куршаб округдарында шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Экинчи айлампада, Кадамжайда - Чолпон Султанбекова менен Номанжан Аркабаев, Куршабда - Санжарбек Кадыралиев менен Мамат Орозбаев бак сынашат.
Туйгуналы Абдраимовдун айтымында, Боршайком Балыкчыдан биринчи турда жеңишке жетишкен Рыспек Акматбаевди каттоодон мурда, ага каршы козголгон кылмыш иши сотто каралып бүтө электигине байланыштуу, түшүндүрмө сурап Жогорку Кеңешке кайрылган жатат. Анткени, Шайлоо кодексинин 28- жана 56-беренелери бири бирине каршы келет. Биринде катталган талапкер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, камакка алынышы же сот тартибинде көрүлүүчү административдик жаза чараларына кириптер кылынышы мүмкүн эмес деп айтылган. Ал эми экинчи беренеде эгерде сот шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкерге байланыштуу сот ишин өндүрүшкө алып, бирок, шайлоонун жыйынтыгына чейин тиешелүү чечим чыгарбаса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын чыгарууну жана шайланган талапкерди каттоону убактылуу токтотот деп жазылган.
Шайлоого эл аралык уюмдардын, анын ичинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, АКШнын Улуттук демократиялык институтунун, АКШнын Кыргызстандагы элчилигин өкүлдөрү байкоочу катары катышты. Азырынча алар шайлоо боюнча өз отчетторун жарыялай элек. Ал эми жергиликтүү байкоочулар шайлоонун өтүшү боюнча ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Куршаб округундагы шайлоого байкоочу катары катышкан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын өкүлү Нурдин Исаков шайлоочулар мурдагыдай эле ким эмнени берээрине карашкандыгы тууралуу белгиледи:
-Март ыңкылабынан бери шайлоочулардын аң сезими өзгөрүлбөптүр. Мурдагыдай эле кол карашат. Эми чыныгы иштей турган, татыктуу таалпкерлерди тандап алышат деген үмүт бар эле. Бирок, андай болгон жок. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылар боюнча көп эле протоколдор түзүлдү…..
Ал эми Кадамжай округунда көз карандысыз байкоочу болгон укук коргоочу Карамат Орозова болсо, шайлоо мыйзам чегинде өттү деген көз карашта:
-Биз кандайдыр бир мыйзам бузууларды байкаган жокпуз. Шайлоо мыйзам чегинде өткөрүлдү. Мурдагы шайлоого салыштырмалуу акча тараптмай, арак таратмайлар болгон жок. Мен мыйзам бузууларды байкаган жокмун.
Ал эми Балыкчы округундагы шайлоонүн өтүшүнө көзөмөл жүргүзгөн БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова бул округдан мыйзам бузуулар боюнча азырынча арыздар түшө элек деп билдирди.
Куршаб жана Кадамжай округдарында парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы 23-апрелде өтөт.