Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

ТҮРКМӨНСТАН МЕНЕН КЫТАЙДЫН ГАЗ ПЛАНДАРЫ АЛЫСКЫ МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙТ


Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов Россия, Украина жан Иранга сатылган газдын баасын жогорулатууга аракет көрүп келатат. 3-апрелде болсо Кытай менен газ куурун куруу келишимине кол койду. Бул долбоор ишке ашса, түркмөн газы чыгышка ташыла баштайт. Жана Россиянын монополиясына чекит коюлмакчы. Айрым эсперттер бул пландарга скептикалык көз караштарын билдиришкени менен ал Евразиядагы энергиялык геосаясаттын сүлдөрүн белгиледи.

30 жылга мерчемделген келишимди Түркмөн президенти Сапармурат Ниязов аөыркы күндүн эң ири саясий эларалык контракты катары сыпаттады:

-Биз аны эки баскычка бөлдүк. Алгачкысында 2008-жылга карай Түркмөнстандан жылына 30 миллиард куб метр газ Өзбекстан жана Казакстандын аймагынан өтүп, Чыгыш Кытайга жана Шанхайга жеткирилип турмакчы. 2010-жылдан болсо анын көлөмү 50 миллиард куб метрге жетет.

Бирок тышкы байкоочулар долбоорду күмөн саноо менен кабыл алышты. Германиялык эксперт Роланд Гөтц түркмөн оппозициясынын веб-баракчасында жарык көргөн интервьюсунда Түркмөнстандагы газдын көлөмү канча экенин эч ким билбейт деп белгиледи. Расмий статистикага кайрылсак, өлкөдө былтыр 63 миллиард куб метр газ өндүрүлгөн. Экспорт болсо 45 миллиард куб метрге жеткен.

Түркмөнстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү 100-120 миллиард куб метрди түзөөрүн, куурдун узундугу 4 миң километрге жетээрин эске алсак, бул долбоорду экономикалык жактан ишке ашыруу кыйын болот, - дейт Гөтц.

Анын пикиринде Кытай үчүн бул жерде экономикалык эмес саясий жана аскерий фактор көбүрөөк роль ойноду.

Жакында Кытай 4 миллиард доллардан ашуун каражатка Казакстанда иштеген мунай компаниясын сатып алды. Сибирден болсо Кытай табигый газ алып турмакчы.

Бээжин менен кол коюлган макулдашуу Түркмөнстандын энергия тармагындагы амбициялары жана ниети канчалык олуттуу экенин көргөзөт.
Муну менен Ашгабад Россия, Украина, Иран өңдүү кардарларга газдын баасын жогорулатуу жолунан тайбай турганын ишара кылгансыды. Түркмөнстан газдын баасын 65 доллардан 100 долларга көбөйтүүнү көздөп жатат.

Кытай менен келишимде баа жөнүндө айтылбаганы менен, төлөмдөр адилет, рыноктун бааларына ылайык жана АКШ долларында болот деп белгиленет.

Макулдашуу ошондой эле Бээжин менен Москванын Борбор Азия үчүн ири таймашы энергия тармагынан башталат дегенди туюндурат.Россиянын “Газпром” компаниясы барган сайын борборазиялык импортко көбүрөөк муктаж болууда. Энергия саясаты институтунун изилдөөчүсү Владимир Миловдун ырастоосунда, “Газпром” кыскарып бараткан жергиликтүү өндүрүштү 2008-жылдан тартып кантип толтурууну билбейт.

Ишкана Түркмөнстан бардык экспортун Россияга сатат деп болжолдогон. Бирок Ашгабад менен Бээжиндин келишими ишке ашып, жаңы куур курулса, Кытай Түркмөнстан үчүн приоритет болуп калышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG