Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

11-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Бу күнү Маргалаң уездиндеги Ичкилик волостунун болушу өлтүрүлгөн. Ошондой эле бу күн Бухенвальд жана Дордогу фашисттик концлагердеги туткундардын боштондукка чыгышына байланыштуу белгиленип келет.

Алыскы 1893-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын түштүгүндө коогалаңдуу иш чыккан. Жазма булак маалыматтарына караганда, Караван кыштагында жашаган кыргыздар Маргалаң уездиндеги Ичкилик волостунун болушу жасаган аксымчылыкка жаны күйүп, болушту бычактап өлтүрүшүп, анын үч жигитин сабап жолго салышкан. Бийлик укук бузуучуларга катуу чара көрүп, болушту өлтүргөнгө катышы бар 12 адамдын ар бирин 10 жылдан 15 жылдык сүргүнгө айдаган.

1910-жылдын бу күндөрү Жетисуу областына караштуу жершарты аталган Бөлүмдүн жетекчиси Владимир Васильев Ортотокой суу сактагычынын курулуш долбоорун жасаган. В.Васильевдин суу сактагычты куруу саамалыгы совет мезгилинде 45 жыл өткөндөн кийин барып жүзөгө ашырылган.

1993-жылдын бу күндөрү Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил статусу жана Жогорку Кеңештин аталышы боюнча тартышуулар жүрүп атты. Айрым депутаттар парламентти батыш термини менен атоону сунуш кылышса, айрымдары ага Улуу кеңеш сыяктуу аталыштарды сунушташты.

11-апрель фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун Эларалык күнү. Бу күн Бухенвальд жана Дордогу фашисттик концлагердеги туткундардын боштондукка чыгышына байланыштуу белгиленип келет. Фашисттик Германиянын жеңилер сааты аныкталып калган маалда, 1945-жылдын 11-апрелинде Бухенвальд тутукундары көтөрүлүш чыгарышкан. 1945-жылдын 22-апрелинде Заксенхауз, 29-апрелде Дахау, 30-апрелде Равенбрюк концлагеринин туткундары боштондукка чыгышкан.

Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун Эларалык күнү кыргызстандык Улуу Ата мекен согушунун ардагерлери жана андай концлагер туткунун башынан кечирген кишилер менен жалпы адамзат көйгөйүн көздөгөндөр үчүн Ыйык күн катары эсептелинет. Улуу Ата мекендик согушка 100 миңдеген кыргызстандыктар катышып, алардын айрымдары фашисттик концлагер туткунун башынан кечиришкен.

1936-жылдын 11-апрелинде Генералдык штабдын Академиясы ачылган.
XS
SM
MD
LG