Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

ДАГЕСТАН МИЛИЦИЯ ЖЕТЕКЧИЛИГИ МАХАЧКАЛАДА АШЫНГАН ЭКСТРЕМИСТ ЖОК КЫЛЫНГАНЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ Махачкалада таңга жуук өткөрүлгөн атайын операция маалында Дагестандагы исламдык экстремисттер лидери Махач Расулов атып өлтүрүлгөн. Орусия ИИМ билдиргенге караганда андан тышкары эки киши колго түшүрүлгөн. Согушуучулар жашырынган эки кабат үйдөн кыйла куралжарак жана жардыргыч заттар табылган. Атышуу маалында милициялык эки кызматкер окко учуп бирөө жарадар болгон.

Дагестан борбор шаары Махачкалада кечээ таң алдында ОМОН кызматкерлери эки кабат үйдү байкатпай курчап келип артынан ага чабуул жазаган. Ошол курчоодон чыга качуу аракетин жазагандар бири Махач Расулов болгон жана ал ок жеп өлгөн.

Анын жашырын аты «Ясин» болгон. Орусиялык ИИМ чөйрөсү аны Дагестандагы «экстремизмдин идеологу эле» дешет. Буга дейре анын кишилери Дагестан тышкы байланыш министри Загир Аруховду жардырып өлтүргөн, ал эми 2005-жылы июлда Махачкалада бараткан машинеде аскерлерди жардырып андан федералдык 10 жоокер мерт кеткен деп айтышат.
«Московский комсомолец» жазганга караганда Энгельс көчөсүндөгү эки кабат үйгө чабуул жазоо үч саатка созулган. Атышуу маалында каршы ок аткан тараптан Руслан Магомедов жана Расуловдун аялы колго түшүрүлгөн. Согушкандар тараптан дагы эки киши качып кутулушкандай деген.

Орусиялык сыналгы аркалуу айткан маалыматында Дагестан ички иштер министри Адилгерей Магомедалиев банда жардыргычтарды даярдап аткан цехти алууга токтолду:

«-Биз алардын жардыргычтарды даярдачу цехин, телефондорун алдык. Ичине (цехке – ММ), алар кетип атып коюп кеткен минаны жардырып, кирүүгө туура келди», - деди министр.

Орусиялык ИИМ Түштүк федералдык округу боюнча өкүлү Сергей Солодовников: «Биздин кылмышкер турган жерге чабуул жазообуз акыры ваххабизм идеологу, Махачкала эмирин жок кылууга алып келди. Расулов жашырын согушуучулар тобун уюштуруп 1-9 майларда бир нече террордук актыларды жазоону даярдап аткан экен», - деген ИТАР-ТАСС агенттигине айткан пикиринде.

Анализчилер чөйрөсү Расуловду кесиби боюнча журналист, тарых илимдеринин кандидаты, дараметтүү котормочу болгонун белгилешет. Ал 2004-жылы, маселен, Махачкалада чыкчу «Новое дело» гезитинин диний бетин жетектеп келген. Ал орус тилинен сырткары француз жана араб тилдерин билүүчү дешет. Дагестан боюнча «Азаттыктын» кабарчысы Тимур Салимов окко учкан согушучу чынында эле ал экенин айтат:

-«Өлтүрүлгөн согушуучунун аты ошол эле жерде такталды. Ал «шарият» жаатын уюштурган 30 жаштагы Махач (Ясин) Расулов болуп чыкты», - деди биздин кабарчы.

Буга көңүл бурушубуздун себеби, Расуловду орусиялык атайын кызматы эки жолу жок кылынды деп жарыялаган. Акыркы жолу (2005 жылы октябрде - ММ) согушуучулар жашырынган үйгө чабуул жазалганда өрттө калып адам сөлөкөтү билинбей калган бирөөнү көргөзүп «ушул Расулов» дешкен. Бул жолу согушуучунун сөөгүн эжесине көргөзүп анан ал инисин тааныганда гана бийлик «Расуловдун өлүгү экен» дешкен.

XS
SM
MD
LG