Карасуу базарында соода кылган адамдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында түзүлгөн “Ишкер” коомдук бирикмесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Санавар Матанова жер акысын алууда, салык төлөөдө жана атайын шарттарды камсыздоодо одоно мыйзам бузууларга жол берилип жаткандыгын мындайча билдирди:
- Баяман бир баштуу ажыдар болгон, эми бул жерге эки жүз баштуу ажыдар келди. Биз жер өкмөткө өттү, биздин төлөгөн акча өкмөттүн казнасына түшөт экен деп ойлодук эле. Жок, кайрадан эле башка бир адамдарга 5-10 жылга арендага берилип, алар бул биздин менчикгибиз деп, дагы эле баягы саясат жүргүзүлүп атат.
Ал эми Карасуу базарын мурдагы ээсинен тартып алуу фактысын колдоочулардын бири Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев учурда базардын айланасында чуулгандуу кеп-сөздөр чындыгында эле көбөйүп кеткендигин тастыктады:
- Мага бир топ арыздар түштү. Өзүбүз комиссия түзүп атабыз, мен угуп атам аким Марат Жумабеков өзү чечим чыгарып, эки гектардай жерди Баатыров Акимге берип менчиктештирет деп.
Анткен менен ишкер коомдук уюмунун айрым өкүлдөрү мурда базарда экс-ажонун үй-бүлөсүнүн үлүшү бар деген айыңдар бар деп айтылып келген болсо, азыр деле айрым бир жаңы бийлик төбөлдөрүнүн атайын коюлган адамдары мыйзамсыз иш аракеттердин демилгечиси болуп жатышат деген пикирлерин айтышты:
- Башында Баяман айткан, бул акча кошелекко, Аскар Акаевдин баласына кетип атат деп. Азыр кимге кетип атат биз билбейбиз? Дагы эле башка жактарга кетип атат – деген оюн ортого салды “Ишкер” коомдук бирикмесинин текшерүү комиссиясынын төрайымы Даулет Өмүрзакова.