Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

ФРАНЦИЯДА ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР ТОКТОДУ,ӨКМӨТ ЖЕҢИЛДИ


Студенттер менен профосоюздардын бир канча аптадан берки демонстрацияларынан улам Франциянын лидерлери жаштарды жумушка алуу боюнча жаңы мыйзамды өзгөрткөнгө аргасыз болушту. Бу мыйзамды өлкөнүн конституциялык соту тастыктап, 2-апрелден тартып күчүнө кирген эле.

Премьер-министр Доминик де Вильпендин айтымында, мыйзамдын айрым бир жоболору гана өзгөртүлөт. “Президентке мыйзамдын сегизинчи статьясын башка чаралар менен алмаштырууну сунуш кылдым эле,ал макул болду,жаңы эрежелер жаштарга кесиптик жактан жаңы мүмкүндүктөрдү ачат”,- деп айтты Вильпен калкка кайрылган сөзүндө.

Сегизинчи статьяда биринчи жумуш келишими,анын шарттары аныкталган болчу. Мурдагы эреже 26 жашка чейинки жаштарды эч кандай себеп-жөнсүз эле жумуштан бошотконго менчик ишкана ээлерине укук берген. Сунуш кылынган жаңы жободо жаштарды мөөнөтсүз контракт менен жумушка алган ишкана ээлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жагы каралган. Биринчи эки жылда анын суммасы 400 евро, кийинки эки жыл ичинде 200 евро болот. Бул негизинен квалификациясы төмөн же шаардын четки райондорунда жашаган,болбосо орто мектепти жаңы бүтүргөн жаштарга тиешелүү. Францияда жаштар арасындагы жумушсуздук 22 процентке жетет.

Бу мыйзамдын демилгечиси премьер Доминик де Вильпен болгон эле. Анын калк арасындагы рейтинги азыр 25 процентке барабар болуп калды, мурда 50 процентке жакын болчу. Вильпен эмдиги жылдагы шайлоодо президентикке башкы талапкер деп эсептелинет.

Өлкөдө забастовкалар менен демонстрациялар башталганына үч ай болду. Натыйжада өткөн эки айда өнөр жай өндүрүшү 1 процентке төмөндөп кетти. Профосоюздар бүгүн да манифестация өткөргөнү жатышат. Мыйзамдын жаңы түзөтүүлөрү 17-апрелде күчүнө киргенде гана демонстрациялар толук токтойт. Жаңы түзөтүүлөрдү парламент бүгүн карай баштайт.

XS
SM
MD
LG