Туйгуналы Абдраимовдун айтымында, 10-апрелде Рыспек Акматбаев анын уюлдук телефонуна чалып, жаман сөздөр менен тилдеп, коркутуп үркүткөн:
- «…Өлтүрөм, житирем деген коркуткан сөздөрүн айтты. Үнүн тааныдым»,- деди Т. Абдраимов.
Боршайком төрагасынын айтымында, Р. Акматбаев буга чейин да өзүнүн адвокаттары аркылуу БШК өкүлдөрүн коркутуп-үркүтүүгө алып жүргөн экен. Ошондуктан, Т. Абдраимов өзүнүн жана кол астындагы кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууну суранып, баш прокурорго жана ички иштер министрине кайрылганын билдирди.
БШК төрагасы ар кандай коркутуп үркүтүүлөргө карабастан Р. Акматбаевдин маселесин мыйзам жолунан чыкпай чече турганын билдирди. Мыйзам боюнча, төраганын айтымында, кылмыш иши козголгон адамдын иши сотто каралып бүтмөйүнчө аны депутат кылып каттоо токтоп турууга тийиш. Ошондуктан, Р. Акматбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши шаардык сотто каралып аягына чыкмайынча ага депутаттын мандаты тапшырылбайт.