Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:28

КЫЛМЫШ ИШИ КАРАЛЫП БҮТМӨЙҮНЧӨ БОРШАЙКОМ АКМАТБАЕВГЕ МАНДАT ТАПШЫРБАЙТ


№69 Балыкчы шайлоо округунда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Рысбек Акматбаевди депутат катары каттоону Борборшайлооком соттук териштирүүлөр соңуна чыккыча убактылуу токтотту. Төрага Туйгунаалы Абдыраимов бүгүн ушундай билдирүү менен чыкты. Ушул эле маалымат жыйынында төрага Рысбек Акматбаев аны жана айрым БШК мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүп жаткандыгын кабарлады.

Төрага Туйгунаалы Абдыраимов Борборшайлоокомдун мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну сурап башкы прокуратурага жана ички иштер министрлигине кайрылды. Муну ал маалымат жыйынында парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Рысбек Акматбаев тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү:

- Мен билим берүү министри Нур уулу Досболдун кабинетинде отурганда телефонума Акматбаев чалып, өлтүрөм-житирем деген коркутуу сөздөрүн айтты. Үнүн тааныдым.

Абдыраимовдун билдиргенине караганда, мындай коркутуулар анын жардамчысынын, комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн дарегине да айтылган. Бирок, мындай жагдайларга карабастан, БШК ишин мыйзам чегинде уланта берет. Мындай пикирин төрага Рысбек Акматбаевди депутат катары убактылуу токтотуу чечими менен байланыштырды. Бул чечимди ал Шайлоо кодексинин 28-беренесинин бешинчи, алтынчы пункттары жана 56-беренесинин төртүнчү пункту менен негиздеди:

- «Эгерде сот шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкерге карата кылмыш-жазык ишин өндүрүшкө кабыл алса жана шайлоо натыйжалары аныкталганга чейин иш боюнча тиешелүү соттун актысын чыгарбаса шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын аныктоону жана шайланган талапкерди каттоону убактылуу токтотот» деп жазылып турат.

Анткен менен, ошол эле Шайлоо кодексинин 56-беренесине жана Конституцияга таянган адвокат Рысбек Нагаев Рысбек Акматбаевди депутат катары каттоону токтотуу тууралуу чечим туура эмес дейт:

- Беренеде шайлоо жыйынтыгын жарыялаганга чейин деп даана жазылып турат. Жыйынтык жарыяланды, бул бир. Экинчиден, сотту токтоткон 28-берененин бешинчи пункту бар да. Ал турат. Анан Туйгунаалы айткандай эле боло бербейт да. Бизде Конституция бар, эң жогорку мыйзам. Биз ошого таянабыз.

Рысбек Акматбаев баштаган тогуз адамдын иши учурда милициянын полковниги Чыныбек Алиев жана дагы эки адамды өлтүрдү деген шек боюнча Бишкек шаардык сотунун кароосунда турат. Жабырлануучу тараптын арызынын негизинде каралып жаткан бул иш Акматбаев депутаттыкка талапкер болуп катталгандыгына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Мындан тышкары БШК шайлоого чейин Акматбаевди үч жылдан ашык чет өлкөдө жүргөн жана анын кылмыштуулугуна байланышкан мурдагы сот иши жокко чыгарылган эмес деген негиздеме боюнча талапкердигин алып салган. Бирок, сот мындай чечимди жокко чыгарган.

Ушул негиздерге таянган Акматбаевдин адвокаты БШК төрагасынын коркутуп жаткандыгы жөнүндөгү акыркы билдирүүсүн анын аргасы түгөнгөндө ойлоп тапканы катары сыпаттады. Туйгунаалы Абдыраимов болсо Акматбаев жана анын жакындары БШК төрагасын эле эмес, башка мамлекеттик ишмерлерди да коркутуп-үркүтүп, колу тийген учурлары да болуп жаткандыгын коомчулуктагы жана басма сөздөгү маалыматтарга таянып айтты. «Кооптуу жагдайды түзгөн мындай адамды мамлекеттик жетекчилер эмне үчүн бош коюп жатканына түшүнбөйм»,- деди төрага.
Рысбек Акматбаевдин айланасындагы мындай талаш-тартыштар учурда жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын тынчын алууда. Кылмыштуулукка каршы акциялардын демилгечилеринин бири, «Интербилим» бейөкмөт уюмунун башчысы Асия Сасыкбаева өлкөдө кооптуу жагдай түзүлүп калды дейт. Ал шайлоочулар баары эле өз эрки менен добуш бергенине да ишенбейт:

- Корккон үчүн эле Балыкчынын он үч миң эли шайлады. Менин оюмча алардын элүү пайызы коркконунан эле келишти.

Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мыйзамдуулук комитетинин төрага орун басары Искак Масалиев Борбордук шайлоо комиссиясы шек туудурган мындай адамды талапкер кылып каттоодон мурда эле баш тартып койсо, маселе мынчалык курчубайт эле деген ойдо.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG