Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

ИТАЛИЯДАГЫ ШАЙЛООДО ОППОЗИЦИЯ ЖЕҢИП ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 9-10-апрелде Италияда парламенттик шайлоо өткөрүлдү жана оппозициялык блоктун жетекчиси Романо Проди 11-апрелде - шайлоодо оппозиция жеңгени тууралуу жарыялады. Анткен менен чет өлкөлөрдө жашаган италиялыктардын добуштары саналып бүтө элек, премьер-министр Силвио Берлусконинин партиясы болсо добуштарды кайра санап чыгыш керек деп айтууда. Сүрөттө : Оппозициялык блоктун жетекчиси Романо Проди

Италия парламенти Европадагы эң чоң парламент, анда эки палатага бөлүнгөн тогуз жүздөн ашык депутат иштейт. Кабыл алыныш үчүн мыйзамдар эки палатанын тең жактыруусунан өтүш керек.

Алдын ала жарыяланган маалыматтарга караганда, өйдөкү палата - Сенатта - Силвио Берлусконинин партиясы азырынча бир орунга ашык ээ, алар 155 мандат утуп алды. Оппозициянын колунда азырынча 154 мандат бар, бирок чет өлкөлөрдө жашаган италиялыктардын добуштары саналып бүтө элек, алар бардыгы болуп алты орундун кимге тийерин чечиши мүмкүн жана оппозиция жетекчиси Романо Продинин айтымында, ал алты мандаттын кеминде төртөө оппозицияга тийет.

Ылдыйкы палатада болсо оппозициялык коалиция жеңип чыкты, бирок айырма өтө кичине - акыркы маалыматтарга караганда, Продинин коалициясы 49,8 пайыз чогултса, Берлускони үчүн 49,7 пайыз добуш берилди жана ал 0,1 пайыз айырма 25 миң добушка гана барабар. Бардыгы болуп өлкөдө 47 миллион шайлоочу катталган.

Анткен менен былтыр кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча, айырма канчалык аз болсо дагы, шайлоодо жеңип чыккан коалицияга ылдыйкы палатадагы 630 орундун үч жүз кыркы берилет. Бул мыйзамды өкмөт - Берлускониге ылайыктап даярдап, парламенттен өткөргөн. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин маалыматарына караганда, Продинин коалициясы чындыгында азыр 341 мандат утуп алды.Берлусконинин партиясы болсо 277 орунга ээ болду.

Ошондуктан оппозиция жетекчиси Проди кечээ күнү жеңишке жеткендиги тууралуу жарыялады, Берлускони болсо журналисттерге чыккан жок, ал эми анын жардамчыларынын айтымында, добуштардын саналышын кайрадан кылдат текшериш керек, же, мүмкүн, аларды кайра санап чыгуу талап болот, анткени, айрым маалыматтарга караганда, жарым миллионго жакын бюллетен жараксыз деп табылган.

Анткен менен 11-апрелде эртең менен дагы Проди Рим шаарында өткөн митингде чыгып сүйлөп, ал жаңы өкмөт түзүүгө укуктуу экенин билдирди: "Урматтуу достор, биз жеңишке жеттик жана эми иштеш керек. Биз эми биригип, беш жыл бийлик кылабыз", - деди Романо Проди.

Проди Лондондогу Экономика институтун бүтүргөндөн кийин АКШнын Гарвард жана Стэнфорд университеттеринде сабак берген, 1970-жылдарда Италияга кайтып келип, өнөр жай министри болуп иштеген, андан соң өлкөнүн эң ири ишкерлер биримдигин башкарган жана 1996-жылы Берлусконини жеңип, премьер-министр болгон, бирок бир жылга жетпей, бийликтеги коалиция чачырап кеткендиктен, кызматынан чегинген. 1999-жылдан 2004-жылга чейин Проди Европа Биримдигинин өкмөтү болуп эсептелген Европа комиссиясын башкарган. Продинин айтымында, Берлуcконинин учурунда Италиянын экономикасы өтө начарлар кетти, беш жылдын ичинде ал орто эсеп менен 0,5 пайызга гана өстү, былтыр болсо эч кандай өсүш болгон жок.

Экинчи дүйнөлүк согуштан бери өткөн 60 жылдын ичинде Италия өкмөтү 60 жолу алмашты, Берлусконинин акыркы өкмөтү болсо бийликте эң көп убакыт - беш жылга жакын болду.

XS
SM
MD
LG