Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

ОРУСИЯДА ҮЧКӨ БӨЛҮНҮП КАЛГАН БУРЯТТАР БИРИГҮҮНҮ САМАШАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Уст-ордолук бурят автономдуу округда 16-апрелде Иркутск областы менен биригүү үчүн референдум өтөт. Орусиялык бир субъект болуп келаткан округда 140 миң калк жашайт жана анын 36 пайызы буряттар. Ишембиде Бурят жумуриятынын ИИМ уюшкан кылмыштуулук жана террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери эки субъектинин биригишине каршы жазылган макаланын авторун Евгений Хамагановду кармап, ал макала басылган гезитти жана үгүт баракчаларды жок кылышкан.

Кечээ биз Бурят жумуриятынын «Эрхэ» («Укук» - ММ) жаштар кыймылынын лидери Доржо Дугаров менен байланыштык. Ал кебин кыргыздарга кайрылуу саламы менен баштады:

«Бурят элинен эркиндикке чыккан Кыргыз элине куттуктоо жиберем!», - деди Дугаров мырза.

Уст-ордо бурят автономдуу округдун Иркутск обулусуна кошулуп кетиши ал жерде жашаган буряттарга жерин тарттырып ийгенге тете болот деп андай кошулууга каршы турган Улан-Удэде жаштар кыймылы пайда болуптур. Бийлик аларга катуу кысым көргөзүп атыптыр.

Дугаров: - «Референдумга каршы чыккан активисттердин кандай болбосун аракеттерин күч органдары дароо тыйып салууда. Үйлөрүн тинтип активисттерди кармоого чейин барууда.»

Кабарчы: - «Дугаров мырза, мисалдар менен бышыктай кетпейсизби?»

Дугаров: - «8 апрелде Уст-ордодо Алексеев кармалды. Ал (эки субъектини – ММ) кошулууга каршы турган «Эрхэ» бирикмесин каттоодон өткөргөн активист. Азыр ал үй камагында, эч жакка кетпөө убадасы астында турат. Анын каражатына гезит менен үгүт баракчалары чыгарылган болуучу. Ошондой эле Уст-ордодо коомдук ишмер Иван Мануев да кармалды».

Бурят жаштар кыймылынын жетекчиси бул дымагын ишке ашыруу үчүн Орусиянын Конституциялык сотуна кайрылуу даярдап жатыптыр.

Анализчилер чөйрөсү үч субъектеги (Бурят жумурияты, Уст-ордолук бурияттык автономдуу округу жана Иркут обулусундагы Олхон районунун – ММ) бурят улутундагы жарандар турган жерлерди бириктирип, бир субъектиге айлантканда дурус болмок дешет. Саны жагынан аз элдин руханий дүйнөсүн, маданий уюткусун, тилин өнүктүрүүгө түрткү болмок дешет. Бул жерде Бурятиянын кызыкчылыгы эске алынган эмес, ал жер 1937- жылы Сталиндин саясаты астында үч жакка бөлүнүп кетпеди беле дешет анализчилер.

Иркут обулусунун губернатору Александр Тишаниндин айтканына караганда биригүүдөн баары утуш алат:
«Мындан биринчи кезекте Иркут обулусунун жана Уст-ордолук автономдуу округ тургундары пайда табышат», - дейт губернатор.

Улан-Удэ ордо калаада бурят тилинде чыкчу «Унэн» («Чындык» - ММ) гезиттине жергиликтүү админстрация кошулууга каршы бир да сап жазбайсыңар деп көргөзмө берген экен. Ошого карабай жаштар кыймылы «Эрхэ» чыгарган «Информ полис» гезитте «Устордодо бардык орустар кошулууну каалашат, бардык буряттар – ага каршы», - деп айтылат. Бийлик тараптан журналист Евгений Хамаганов кармалып аны менен кошо колго түшкөн 30 миң үгүт баракчалар бүт жок кылынган. Ошондуктан эми эл: «Маскөө «маакул» дейсиң дедиби биз – маакул деп добуш беребиз» - деп калышты деп жазат басылма.

Баса, жакында (09.04.2004) орусиялык мамлекеттик сыналгыдан сүйлөгөн устордолук бурят аял уй саап олтуруп айткан сөзү бул ойду бышыктап тургандай:
«Бизге айырмасы жок. Бул жерде жашап аткан орус, бурят, татар баары бирдей, бир үй-бүлөйдөйбүз», - деди Елена Тугутхонова.

Кечээ Тува онлайны аркалуу таркатылган жарыяда бурят интеллигенттери Устордолук боордошторунун Иркут обулусуна кошулушуна кескин каршы экенин билдирген. Ал жерде ысымдары, даражалары белгиленип тизмеленген жазуучу, окумуштуу, артист, илимпоз, спортсмен, ишкерлер (бардыгы – 35 киши) атынан кайрылуу да бар.

XS
SM
MD
LG