Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

КАРЗАЙ ИНДИЯ МЕНЕН ПАКИСТАНДЫ ЭЛДЕШТИРГИСИ КЕЛЕТ


Ооганстандын президенти Хамид Карзай аймактагы коопсуздукту жана экономикалык өнүгүүнв кепилдөөүчүн Индия жана Пакистан менен үч тараптуу кызматташттыкты күч алдырууну колдоп чыкты. Карзай учурда Индияда жүрөт, сапардын максаты аймактагы коопсуздук жана Ооганстандагы кайра куруу аракеттерине Индиянын колдоосун алуу болууда.

Индияга сапары тушунда ооган президенти Индия жана Пакситан менен үч тараптуу кызматташттык идеясын жарыя кылды. Хамид Карзай бул кызматташтыкта терроризмге каршы күрөшкө башкы көңүл бурулат деди:

Терроризмди чектөөдө бир ар бир кызыкдар өлкө менен кызматташабыз. Биздин аймакта терроризмден жапа чекпеген эч бир мамлекет жок. Ошондуктан биз ага каршы чогуу-чараң аракеттене алабыз деп ишенем.

Карзайдын билдирүүсүнө терроризмге каршы күрөштө Индия менен Пакистанды жакындатуу аракети катары бааланууда. Бирок Түштүк Азия боюнча эксперттер Пакисттан менен Индиянын ортосундагы өз ара ишенүүчүлүктүн жоктугу алардын жакын арада кандайдыр бир формалдуу структурага биригишинен күмөн туудураарын айтышууда. Эл аралык коопсуздук басылмасы болгон Нью-делиде чыгуучу "Жейнс" коргонуу журналынын эксперти Раул Беди мындай дейт:

- Ооганстан мене Пакистандын алакасы өтө татаал, Пакистандын Индия менен мамилеси да өтө чийелшекен. Пакистан Индиянын Ооганстан менен стратегиялык мамиле түзүшүнөн коркот. Ошондуктан Президент Карзайдын сапарынан кийин Индия менен Пакистандын дароо достошуп кетээри күмөн.

Бирок Карзай Кабул менен Нью-Делинин жакындашуусу Түштүк Азия үчүн оң көрүнүш деп эсептейт:

Бул визит эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды тереңдетет, сөз жок эки өлкөнүн элдеринин жашоосун жакшыртууга салым кошот. Ошол эле мезгилде аймакка да убайы тийет деп үмүттөнөм. Ооганстан менен Индия дээрлик бардык тармактарда, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, айыл жергесин өнүктүрүүдө, инфратструктураны калыбына келтирүүдө, экономикалык иштерде жана аймактагы кызматташтык жаатында бирге иштешип келатышат.

Индияда Карзай маалымат технологиясынын борборлорунда, ошондой эле элеттик өнүгүү жолго коюлган аймактарды кыдырууда. Индия бул ирет Ооганстанга жардам иретинде 50 миллион доллар бөлөөрүн жарыялады. Ошону менен, Ооганстанда талиб режими кулагандан бери Индия коңшусуна жалпы жонунан 650 миллион жардам убада кылды. Анын ичинен, акыркы төрт жылда Индия Ооганстандагы долбоорлорго 200 миллион сарптады.

XS
SM
MD
LG