Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

АХМЕДИНЕЖАД ИРАНДЫ ЯДРОЛУК ДЕРЖАВА ДЕП ЖАРЫЯЛАДЫ


Иран бийликтери өлкөнүн илимпоздору төмөнкү деңгээлде байытылган уран өндүргөнүн кечээ ырасмий түрдө ырасташты. Ошол эле күнү кечинде президент Махмуд Ахмединежад Иран дүйнөлүк ядролук державалардын катарына киргенин жарыялады.

Иран президенти баарыдан мурда өз элин куттуктады. Улуттук телеканал аркылуу калкка кайрылып, Ахмединежад Иран дүйнөдөгү ядролук державалардын катарына киргенин жарыялады. Ошону менен бирге ал Ирандын ядролук технологиясы тынчтык максаттарга кызмат кыларын кайталап белгиледи.

Ирандын вице-президенти, ядролук программанын жетекчиси Голямреза Агазаденин айтымында, уран 3,5 процентке чейин байытылды. Бул Иранга ядролук отун өндүргөнгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары Натанцтагы атомдук борбордо уран байытуу үчүн 164 центрафуга ийгиликтүү ишке түшүрүлдү. Президент Ахмединежад уран байытуу ишин өнөр жай масштабына өткөрүү үчүн ядролук программаны өнүктүрүү арымын тездетүүнү талап кылды.

Эксперттердин айтымында, бир жыл ичинде ядролук дүрмөт алганга жеткидей өлчөмдө уран байытуу үчүн Иранга бир жарым миңге жакын центрафуганы ишке түшүргөнгө туура келет. Агазаде эмдиги жылдын мартына чейин Иран үч миң центрафуганы ишке берет деп билдирди.

Бул кабарды комментариялап, АКШ администрациясынын өкүлү Скотт Маклеллан Ирандын натуура жолго түшкөнүн баса көрсөттү. “Иран режими дүйнөлүк коомчулуктун ишенимин арттырууга тийиш эле,мунун ордуна ал калпыс багытты тандап алды”, - деп айтты Ак үйдүн өкүлү. АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Жон Болтон Иранды Коопсуздук Кеңешинин эскертүүсүн таптакыр этибар албаганы үчүн сынга алды. 29-мартта Коопсуздук Кеңеши атайын резолюция кабыл алып, Ирандан уран байытууга байланышкан бардык иштерди токтотууну талап кылган эле.

Ирандын төмөнкү деңгээлде уран байытканына МАГАТЭ азырынча өз пикирин айта элек.

XS
SM
MD
LG