Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

ИТАЛИЯДА ОППОЗИЦИЯ УТТУ


Италиядагы парламенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыктары белгилүү болду.Оппозиция эки палатада болор-болбос артыкчылыкка жетишти. Ал эми бийликтеги ортоңчулдар жараксыз деп табылган добуштарды кайра санап чыгууну талап кылышууда. Ушундан соң гана алар утулганын моюнга алганга даяр.

Италиянын борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган маалыматтарга ылайык, Романо Проди жетектеген ортосолчулдардын оппозициялык блогу жогорку палатадан - сенаттан – 158 орун алды, ал эми Силвио Берлусконинин ортооңчулдар коалициясына 156 мандат тийди. Төмөнкү палатада – депутаттар палатасында Продинин коалициясы атаандаш партиялар бирикмесине караганда 0,1 процент көп добуш алды.Жалпы эсепте,ошентип, эки палатада Продинин – 518, Берлусконинин – 433 тарапкери бар.

Романо Проди оппозиция катаң кармашта утуп чыкканын,эми бул коалиция өлкөнү бириктирип,алга сүрөй турганын айтып, Берлускониден жеңилгенин моюнга алышын күтүп жатканын билдирди. Проди оппозициялык коалиция “Италияны ойготот” деп ишендирди.

Силвио Берлускони болсо шайлоодо утулганын моюнга алгандан баш тартты жана жараксыз деп табылган жарым миллондой добуштардын кайра саналышын талап кылды. Ошол эле учурда ал атаандаш тарапка Германиянын үлгүсүндөй кеңири коалиция түзүүнү сунуш кылды. Бирок муну Продинин коалициясы кабыл алган жок.

Продинин айтымында, жаңы өкмөт Италияда жаңы президент шайлангандан кийин түзүлүшү ыктымал. 18-майда азыркы президент Карло Чампинин жети жылдык мандаты бүтөт. Чампи өзү жаңы өкмөт түзүүнү кимге табыштоо керек,бул милдетти жаңы президентке калтыра турганын айткан эле. Италияда президент парламентте шайланат.

Ага чейин жаңы парламент 28-апрелде биринчи жыйынга чогулуп, сенаттын жана депутаттар палатасынын төрагаларын шайлайт. Андан соң парламенттик фракциялар түзүлөт, дал ушул фракциялар кийин өкмөт куроо ишинде негизги ролду ойношот.

XS
SM
MD
LG