Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА : АКАЕВДИН ҮЙ БҮЛӨСҮ ӨЛКӨГӨ ЖАРЫМ МИЛЛИАРД СОМДОН АШУУН ЗЫЯН АЛЫП КЕЛГЕН


Аманбек Жапаров,Бишкек Экс-президенттин үй бүлөөсүнө жана жакындарына таандык мүлктөргө байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан 102 кылмыш иши козголуп, иликтенүүдө. Алар тарабынан мамлекетке 555 млн. сомдон ашуун чыгым келтирилген, деп билдирди Башкы прокурордун орун басары Жумадил Макешов бүгүнкү күч органдарынын Координациялык кеңешинин жыйынында. Ал эми Аскар Акаевдин мурдагы адвокаты Акин Токталиев бул билдирүү экс-президентке каршы жүргүзүлгөн кезектеги саясий оюн, деген пикирде.

Бүгүн Башкы прокуратурада өткөрүлгөн күч органдарынын Координациялык кеңешинин жыйынында экс-президент Аскар Акаевдин үй бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маселе талкууланды.

Баш прокуратура тарабынан козголгон 83 кылмыш ишинин жүрүшү боюнча Баш прокурордун ордун орун басары Жумадил Макешов маалымат берди. Анын айтымында тергөөнүн жүрүшүндө 207 млн. сом, жалпы баасы 1 млрд. 400 миң сомдук мүлктөр, 160 миң евро, 480 миң доллар кайтарылды. Башкы прокуратура тарабынан козголгон 83 кылмыш ишиндеги келтирилген чыгымдын жалпы баасы 397 млн. сом жана 30 млн. долларды түзгөн. Экс-президентке таандык делген китепканага 3 млн. сом, андан сырткары 9 млн долларлык чыгым келтирилген.

Жумадил Макешов белгилегендей, аэробус алууга, президенттик китепкананы салууга бюджеттен миллиондогон каражаттар жумшалып, Улуттук банктан 420 миң доллар нак акча экс-президентке берилген. Ошондой эле экс-президенттин уулу Айдар Акаевге байланыштуу онго чукул кылмыш иши, күйөө баласы Адил Тойгонбаев менен Мээрим коруна байланыштуу жыйырмадан ашуун кылмыш иши козголгон.

Башкы прокурордун орун басарынын айтымында, мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана экс- вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун Либерман аттуу адвокат менен түзгөн келишимден эч бир натыйжа чыккан эмес. Ал эми Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев болсо Данияр Үсөнов тарабынан адвокат Либерманга 500 миң доллар каражат берди делген божомолдор бар экендигин, бирок ал каражат тууралуу так маалымат жоктугун билдирди.

Жумадил Макешов прокуратура тарабынан бул маселеге байланыштуу айрым кылмыш иштер тергелип бүтүп сотко өткөрүлгөнүн, бирок сот органдары тарабынан айып тагылган адамдардын күнөөлөрү жеңилдетилип, кылмыш жоопкерчилигинен четтетилгендигин билдирди.

Күч органдарынын Координациялык кеңешинде Аскар Акаевдин үй бүлөсүнө жана жакындарына таандык мүлктөргө байланыштуу тергөө иштеринин жүрүшү менен Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгынын башчысы Медет Талиев, Ички иштер министринин орун басары Шеркозу Мирзакаримов, Финансы полициясынын башчысынын орун басары Нурдөөлөт Умралин маалымат беришти. Алардын билдиргенине караганда Айдар Акаевдин, Адил Тойгонбаевдин жана башка тиешелүү адамдардын өлкө аймагынан сыртта жүргөндүгүнө байланыштуу айрым кылмыш иштерин аягына чыгарууга мүмкүнчүлүктөр болбой жатат.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү бул маселени тыкат иликтеп, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтартып, күнөөлүү адамдар жоопкерчилике тартыларын, бул иштен натыйжалуу жыйынтык чыгарыларын билдиришти.

Ал эми экс-президенттин таламын тогуз ай талашып, адвокаттык кылган Акин Токталиев өткөн жылы июль айында мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдон мүлк боюнча Акаевдин күнөөсү жок деген кат алганын, андан кийинки башкы прокурор Бусурман Табалдиевден да октябрь айында ошол эле мазмундагы кат алганын билдирди. Анын айтымында төртүнчү катты үчүнчү Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев 10-ноябрда ага атайын Акаевдин туулган күнүнө карата берип, «мына эми Аскар Акаевди туулган күнү менен куттуктасаң болот. Акаевге эч кандай күнөө коюлган жок. Ал күбө катары да өтпөйт.Эч тиешеси жок», деп айткан.

-Мага ушундай кат берип атат да коомчулукка болсо тескерисинче маалымат берип атат. Аскар Акаев жөнүндө унутулуп баратканда, Курманбек Бакиевдин иш алып кете албаганын, иштери тескери кетип атканын көрүп туруп, элдин көңүлүн буруш үчүн Акаевге каршы саясий оюндарды жүргүзүп атышат деп ойлойм,-деди Акин Токталиев.

XS
SM
MD
LG