Орусиянын түндүк ордо калаасы атанган Питерде (11 апрелде – ММ) өткөн студенттердин көчө менен жүрүүсү учурунда орусиялык студенттер көтөргөн «Чет элдиктер үчүн Петербург - мүрзө!» ал эми чет өлкөлүк студенттер көтөргөн «Бул калаада өрт алоолонуп атат, эли – уктап жатат» деген ураандар көргөндүн көөнүн бөлдү дешет.
Петербургда фашизмдин курчуп баратышына кыр көргөзүү максатта тышка чыгууну кремлдик «Биздикилер» жаштар кыймылы Санкт Петербургдагы чет элдик студенттер «Африкалык бирдик» ассоциациясы менен чогуу уюштуруптур. Анализчилер байкашынча Кремлдик жаштар бийликти сынга алуудан качышкан. Алар фашисттик идеологияга берилип кеткен жаш муунду сынга алуу менен чектелишкен. Маселен, бүткүлорусиялык «Биздикилер» жетекчиси Василий Якименко айтканга караганда фашизмди туу кылгандар акыры өлкөнү ичинен бөлүп ийүүнү көздөшөт:
«Бүгүн эгерде Маскөө маскөөлүктөр үчүн, Питер питердиктер үчүн жааташуусу болот экен, анда эртең Казан татарлар үчүн, Якутск сахалар үчүн жаатташуусу чыгат», - дейт Якименко.
Анын каршысында «Яблоко» партиясынын Питердеги бөлүгүнүн жетекчиси Максим Резник айтканга караганда бийликтин саясатынан фашизмди оозуктоо жышанасы көрүнө элек:
«Жакшы дегенде муну бийлик эч нерсе болбогон этпеген нерсе кылып көргөзөт, жаман ойлогонго бийлик фашисттик жаштарды атайылап өстүрүп, кийин өзүн аны менен күрөшүп аткан кылып көргөзөт», - дейт Резник мырза.
Рейтер агенттиги жазганга караганда, чет элдик студенттер (алардын катары 400дөн ашкан - ММ) бийликке карата айткан сыны түз болгон. Жүрүшкө катышкан камерундук Нанга Жорж: «Эгерде Орусия бир нерсени токтоткусу келет экен ал аны токтото алат. Ошондуктан бийлик бизге боз баш балдардын кол салууларын токтоткусу келбейт шекилдүү», - деген.
Ошол эле Камерундук жаран митинг үстүндө расизимдин башка элдреге жат экенин айткан:
«Африкада же Латын Америкада болсун, орустарды алардын орус болгондугу үчүн гана өлтүрүчү бир да мамлекет жок» , - дейт Нанга Жорж.
Жүрүш уруксаты жок өткөн, ошого карабай милиция үч миңге чукул анын катышуучуларын таркаткан эмес. Ал тургай жоон топ боз баш балдар жүрүштө бараткан африкалык студентерге кол салганда, аларды милиция арага түшүп ажыратканын ИНТЕРФАКС агенттиги белгилейт.