Оюн аяктаган соң келген көрүүчүлөр спектакль туурасында ой- пикирлерин айтышып, талкуу жүргүзүштү. Алардын бири коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков спектакль тууралуу мындай деди:
-Бул абдан чоң жана татаал тема. Элдик ыңкылап деп жүргөн нерсеге карата коюлган биринчи көркөм спектакль.
Оюндун автору Жамал Сейдакматованын айтымында бул спектакль маданиятты, ички дүйнөнү өстүрүү менен бирге жакшы нерселерге үгүттөө максатында жазылган.
-Биз ички дүйнөбүздү, маданиятыбызды өстүрүшүбүз керек жана эмгектенүүбүз зарыл. Жакшы нерсеге биригип, жаман нерсеге барбашыбыз керек. Жүрөктөгү руханий байлык байыса, интелект өсүп, адамдарды эсине келтирсин деген ой менен коюлду бул спектакль.
Элдик ыңкылаптын бир жылдыгына арналып коюлган бул спектакль менен “Тунгуч театрынын” артистери Ош жана Жалал-Абад жергесине гастролдогону турушат. Оюнду коючулардын билдиргенине караганда спектаклди Кыргызстандын баардык аймактарынын тургундарынына тартуулашат.