Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

АТУУЛДУК УЮМДАР БАЙСАЛОВГО КОЛ САЛГАН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУЛУККА БИРИГИП КАРШЫ ТУРУУГА ЧАКЫРЫШАТ


«Ар-намыс», «Асаба» саясий партиялары, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы, «Интербилим», «Кел-Кел» сыяктуу бейөкмөт уюмдар бүгүн коомчулукка кайрылуу таркатып, Эдил Байсаловго кол салууну айыпташты, аны жасаган уюшкан кылмыштуу топторго биргелешип каршы турууга үндөштү.

«Бүгүн жалан эле Эдил Байсаловго ок атышкан жок. Бүгүн бизге – жаштарга, аялдарга, балдарга, карыяларга - өлкөдө жакшы өзгөрүүлөрдүн болушун каалагандардын баарын көздөй ок атышты. Ушунчалык чектен чыккандыкка эмне үчүн чыдашыбыз керек? Биздин ар-намысыбызга жана улуттун нарк-насилине кол салууга чыдайлыбы? Бул эркин жана гүлдөгөн Кыргызстан жөнүндө биздин кыял-тилектерибизди көздөй атылган ок экенин түшүнүүгө убакыт жетти»,- деп айтылат ондон ашык бейөкмөт уюмдар кол койгон кайрылууда.

12-апрелде кечинде «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол салуу болгон. Байсалов башынан жараат алып, аз убакытка эсин жоготкон. Укук коргоочуга улуттук госпиталда операция жасалып, реанимацияга жаткырылган.

Оорукананын башкы хирургия бөлүмүнүн башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында Байсаловдун абалы орто.

Кол салуу ким колдуу болгону, кандай курал пайдаланылгандыгы белгисиз. Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Субаналиев бул окуяны уюшкан кылмышкерлердин иши катары божомолдоодо. Байсаловго ок тийгенин же таш тийгенин аныктоо үчүн экспертиза жүрүп жатат. Айрым коомдук демилгечилер менен саясатчылар муну кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштүн жообу деп билдиришти. Укук коргоочуга күчөтүлгөн сакчы коюлду.

Шаар прокурору Учкун Каримов аталган факт боюнча кылмыш козголуп, тергөө башталгандыгын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG