Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: "МАГА САЯСИЙ НЕГИЗДЕ КОЛ САЛУУ БОЛДУ"


Маектешкен Мээрим Султангазы кызы, Бишкек 12-апрелде кол салуудан жаракат алган Эдил Байсаловдун ден соолугу салыштырмалуу канаттандырарлык экенин бүгүн Улуттук Госпиталдын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. Эдил Байсаловдун өзү болсо бул окуяны саясий негиз менен байланыштырат.

- Эдил, ал-акыбалың кандай болуп калды?

- Кудайга шүгүр, кечээки күнгө салыштырмалуу өзүмдү жакшы сезип калдым. Бир аз башым ооруганы болбосо, жалпысынан дурус.

- Кечээки окуя тууралуу кененирээк айтып берсең?

- Мен офистен чыгып баратып, машинебиз аркы бетте турган, жолдон өтөйүн дегенде артыман бирөө ургандай болду. 3-4 секунд өзүмдү жоготуп койдум, бирок жыгылган жокмун. Артымды карасам бирөө качып баратыптыр. Бирөө артыман чаап кетти деп түшүндүм. Кан ага баштады, орустар келип, жардам бере баштаганда, “меня ударили” десем, “нет, в тебя стреляли, это был хлопок” деп калышты. Ошондон кийин мени Улуттук ооруканага алып келишти. Ушул жерде 15 мүнөткө жеткирбей наркоз берип операция жасап, ичин карашты. Азыр белгисиз - ок аттыбы же чаап кеттиби. Ал маанилүү эмес, мен жалпы элге кайрылат элем, кеп Эдил Байсаловдо эмес, кеп мен жатып алып чын тийбес болуп, догурунган жерим жок. Болуптур мага ушундай көңүл бурулуп атыптыр. Бирок Кыргызстанда мага окшогон, азап тарткан, жаман болуп аткан жүздөгөн үй-бүлөлөр бар азыркы учурда, ошолордун бизнесин алып атышат, коркутуп атышат, акча доолап атышат, дагы ар кандай суроолор болуп атат. Менин оюмча, биздин азыркы коомчулук келечекте кандай чараларды көрүшүбүз керек, мындай мамлекетте жашайбызбы, жашабайбыз. Жеке менин коопсуздугумду, же болбосо дагы бир коомдук ишмерлердин коопсуздугун ойлонбостон, жалпы элдин коопсуздугу жөнүндө ойлонолу дагы, бийлик дагы ойлонсун. Бийлик үчүн бул дагы бир сабак болушу керек. Бирок дагы бир жолу айтып кетейин, бизди бирөө коркутайын, үркүтөйүн, баш тарттырайын деген үмүттө болсо, булар жаңылышат. Мына 29-апрелде митинг өткөрүлөт, керек болсо он эсе көбүрөк адам катышат. Биз дагы бекемирээк турабыз, чечкиндүү чараларды да көрөбүз.

- Кечээги окуяны ар кандай себептер менен байланыштырып атышат. Өзүңдүн жеке пикириң кандай?

- Мен бир эле себепти көрөм. Менин эч кандай криминал, шылуундар менен аласа-бересем жок. Жалгыз эле саясий себептерден жалпы уюшулган кылмыштуулукка каршы бир канча жолу бийликти сындадым, бийлик эч кандай чара көрбөстөн кайдыгер мамиле кылып койду. Эл өзүнчө, мамлекет өзүнчө. Эл азыр таланып, эзилип атат, эл уюшулган кылмыштуулукту эмне кылам десе ошондой кылып атат, мамлекет эч кандай чара көргөн жери жок. Эртеби, кечпи, мени мененби, башка бирөө мененби - ушундай окуя болмок. Азыр элдин баары байкап турат, уюшулган кылмыштуулук дагы байкап турат, мамлекет кандай чара көрөт, кандай реакция болот, коомчулук эмне дейт деп. Биз унчукпай койсок мындай нерселер көбөйө бермекчи, адаттагыдай көрүнүшкө айланып калат.

- Тынчтык митингин өткөрүүгө чейин коркутуу-үркүтүүлөр болду беле же болгон эмес беле?

- Түздөн-түз мага бир жолу былтыр сентябрь айында болгон. Мен ага баш ийбей койгом. Андан кийин октябрь окуялары болду. Коркута турган адам деле түшүнөт, кимди коркутса болот, кимди коркутпаса болот, сөзгө корккон адамдар барбы, сөзгө көнбөгөн адамдар барбы. Эл билет, биз Акаевдин учурунда деле канча коркутуу болсо дагы түз жүргөнбүз, түз сүйлөгөнбүз.

- Коопсуздуңа кандайдыр бир коркунуч болуп атабы?

- Мен дагы бир жолу кайталап коеюн, кеп менин өзүмдүн жеке коопсуздугумда эмес, баарыбыз коомдун коопсуздугун ойлонолу. Биз баарыбыз ондогон автоматчан адамдарды жалдап алып жатып алалы, болуптур бүт саясатчылар ошентип алсын, элди, жөнөкөй адамдарды ким ойлойт, ошол адамдарды ойлойлу.

- Кечээ сизге бийлик өкүлдөрү келип кетиптир, алар кандай пикирде?

- Мен билбейм. Бизге пикирлеринин, сөздөрүнүн кереги жок, бизге чаралар керек, элдин баары талап кылган катуу-катуу чечкиндүү чараларды көрүш керек, мамлекет мамлекеттей, бийлик бийликтей болуш керек.

XS
SM
MD
LG