Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

ӨМҮРБЕК СУБАНАЛИЕВ : БАЙСАЛОВГО КОЛ САЛУУНУН АРТЫНДА АШЫНГАН КЫЛМЫШКЕРЛЕР ТУРАТ


Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиев бүгүн эртең менен "Азаттыкка" түз ободо берген интервьюсунда Байсаловго кол салууга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында Байсаловго кол салуу уюшкан кылмышкерлердин эле колунан келген ишке окшойт.

-Өмүрбек мырза, кече Байсалов мырзага кол салуу фактысынан кийин шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоп, сиз ички иштер органдары тергөөнү баштаганын, күбөлөрүнүн айрымдары табылганын айткан элеңиз. Кече кечтен бери кандайдыр бир жыйынтыктар билиндиби?

- Биздин оперативдүү топ түнү менен иштешти, көргөн күбөлөрдүн баарын сурашты. Ошондой чараларды көрүп, бул кылмыштын бетин ачууга чоң үмүтүбүз бар.

- Ал эми кандай версияларды карап жатасыздар?

- Бир нече версиялар болуп атат. Ошонун ичинде Байсаловдун кызматы боюнча биринчи версия. Бул кол салуу болгондуктан азыр көп суроолор болуп атат, атып кеттиби, же арматура менен урдубу деген. Ошол боюнча биз иштеп атабыз.

- Кол салуунун куралы окпу же эмне экени такталдыбы?

- Экспертизанын жыйынтыгы алтынчы күнү даяр болот.

- Бул жолун караган жоксуздарбы, мисалы кол салууну азыркы бийликтин саясатына көлөкө түшүрүүнү, же эки жакты кайраштырууну, же өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрүүнү көздөгөн аты белгисиз үчүнчү күчтөр дагы уюштуруп коюшу да мүмкүнбү?

- Үчүнчү күч деген бул болбогон нерсе. Анткени Эдил Байсалов чын эле криминалга каршы чыгып аткан. Бүгүн Кыргызстандагы акыркы маселелер боюнча бул катуу туруп аткан, почерк боюнча деле криминалдын кыла турган эле иши негизинен. Анткени мурун деле атып атышкан, чуркап келип арматура менен уруп аткан нерселер көп эле болуп атат. Бул негизи уюшулган кылмышкерлердин жасаган эле жумушу.

- Демек, кол салууну ишке ашырган адамдардын артында ошондой топтор турушу мүмкүн экен да сиздин көз карашыңызда?

- Ооба, ошондой эле топтор турат. Эдилди атканы, же башка чапканы анык билишибиз керек болчу, алардын максаты ошол эле болду. Дүйнөлүк практикада белгилүү, алар биз кылган эмеспиз, бир нерсе болсо бизге шылтап доомат коюшат деп айтышы мүмкүн. Бирок негизинде ошолордун эле кылганы. Ошондуктан уюшулган кылмыштуулукту жоготуш керек, жоготпосо ушундай маселелер чыга берет.

- Ала кушту атынан атасак, Эдил Байсалов Рысбек Акматбаевди айтып жатканы белгилүү. Ушул ишти Акматбаевдин өзүнө каршы адамдар уюштуруп коюшу мүмкүнбү?

- Жок, андайдан биз алыспыз.

- Акыркы кездери өзүнө кайтаруу сураган белгилүү адамдар, анын ичинде расмий адамдар көбөйдү. Мисалы, кече борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы сиздерге БШКнын мүчөлөрүн кайтаруу жагын өтүнүп кайрылып жатканын жарыялаган эле. Ушул коалиция дагы мурда сиздерге кайрылды беле? Мисалы, алар кече мындай билдирүү таратышты, министрлик биздин өтүнүчтү канаттандырган эмес, бирок акт төлөнүүчү кайтаруу кызматынан пайдаланууну сунуш кылган деген?

- Ал жагынан мага кайрылган эмес. Бирок Акматбаев аянтка келген күнү 31-мартта Эдил Байсалов мага лично кайрылган, ошондо мен Түркияга кеткичекти жанына өзүбүздүн кызматчылардан жанына сакчы бергем. Анан Түркиядан келгенден кийин ал сакчылардын кызматынан баш тартты, кереги жок деп. Ал эми министрликке мурун кайрылганын өзүнүн сөзүнөн уккам. Бирок ал тууралуу мен билбейт экемин.

- Учурдан пайдаланып сизге дагы бир суроо берейин, рэкетчилик, салык салуу деген көрүнүштөрдү Кыргызстан 90-жылдарынын башында басып өткөн эле, бирок тилекке каршы акыркы кездерде ушул көрүнүштөр кайра кайталанып жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда. Мисалы, же сиз үчүн рэкетчилик бар, же жок деп так кесе айтыш кыйынбы, ушундай маалыматтардын жүйөсү барбы?

- Рэкетчилик сиз айткандай Кыргызстанга 90-жылдардын башында аябай өрчүгөн. Ошондо камалган топтордун бардыгы, издөөдө жүргөндөрдүн бардыгы азыр демобилизация болуп атпайбы, анан бүгүнкү күндө бизнесмендердин, коммерсанттардын арасында рэкетчилик болуп атат, биз деле көбүн билебиз. Бирок бизге бирөө дагы арыз жазбай атат. Мына жакында эле, эки бизнесмендин аябай кымбат баалуу машинелерин алып алышыптыр. Ошолорду жазгыла десек дагы жазышбайт, коркушат.

XS
SM
MD
LG