Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

ОШ: ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР БАКИЕВГЕ УЛЬТИМАТУМ ЖАРЫЯЛАШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ишенимден ажыраган жетекчилерди кызматтан алууну талап кылган “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болуп жатканын белгилешүүдө. Алар президент Бакиевге кайрылуу жолдошуп, бийликти коррупциялашкан кадрлардан тазалабаса радикалдуу чараларга бара тургандыктарын дагы бир ирет эскертишти.

“Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмеси жакында шаардык жана облустук мекеме, уюмдарда иштеген 42 жетекчини тизмелеп, аларды иш аракети күмөндүү адамдар катары кызматтан алууну талап кылган. Мындай өнөктүккө активдүү катышкан лидерлердин бири Рахима Матраим кызы 10-апрель күнү жергиликтүү милиция тарабынан камакка алынды. “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук уюмунун жетекчиси Тимур Камчыбеков Рахима Матраим кызына жасалма иш токулуп, саясий себептер менен камалды деп эсептейт:

-Бул аял тоскоолдук кыла баштаганынан, 10-15 чиновник биригип алып заказной каматышты. Жалпы эле ыңкылапчылардын аркасынан куугунтуктоо жүрүп атат. Менин артыман дагы акыркы 20 күндөн бери белгисиз машиналар артыман ээрчип жүрө баштады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замирбек Сыдыков Рахима Матраим кызы окуу жайдын жатаканасында коменданттык кызматта иштеп туруп, кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп айыпталып жаткандыгын айтуу менен мында саясий себеп жок экендигин билдирди. Ал эми ыңкылапчылар кызматтан кетсин деп бекиткен тизмеде жүргөн Ош шаардык мэринин орунбасары Арфедин Аланов бир ууч адамдар ыңкылаптын атына жамынып, жеке кызыкчылыгы үчүн кызматтан алуу, же кызматка коюуну талап кылып, кадр саясатына мыйзамсыз аралашып жатат деп айыптады:

-Бул жерде куугунтуктоо жок, тескерисинче өзүлөрү куугунтукка алып атат. Ошол адамдардын аркасынан ушундай коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат. Рахима Матраим кызы жөнүндө соттун чечими болгуча мен бир нерсе айтышка акым жок. Прокуратура, органдагы адамдар өзүнүн кылган иштерин билишет. Ага биздин эч кандай тиешебиз жок.

“Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин башкаруу кеңеши жергиликтүү бийлик тарабынан кысым көрсөтүү улантыла бере турган болсо, шаар жетекчилигин толугу менен кызматтан алууну талап кылган нааразылык акциясын уюштура тургандыктарын билдирди.

XS
SM
MD
LG