Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

ОШ: МУНАЙЗАТ БАЗАСЫН САТУУ ЧЕЧИМИ БАСКЫНЧЫЛЫК САЯСАТ КАТАРЫ АЙЫПТАЛУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош Чукул кырдаалдар министрлигинин алдындагы Ош мунай зат базасын сатуу жөнүндө өкмөт чечимине анда иштеген жумушчулар каршы чыгышты. Алардын жүйөөсүнө караганда өкмөт мамлекеттик өзгөчө маанидеги ишкананы жеке менчикке сатып, аны талап тоноого жол бериши мүмкүн.

Колдоруна “Коррупцияга жол жок. Мамлекеттин баалуу мүлкүн менчик колго бербейбиз. Өкмөт өндүрүштү бөлүп-жарбасын” деген сыяктуу ураандарды колдоруна көтөрүшкөн Ош мунайзат базасынын кызматкерлери өзүн-өзү актап эле иштеп жаткан ишкананы өкмөт жетекчилиги жеке менчик мунай компаниялардын бирине баалап бергени жаткандыгын жаңылыш чечим деп айыпташты:

- Баа комиссиясын киргизебиз деп аракет кылдык. Кирбизбейт. Мыйзамсыз. Aлар кириш үчүн биз өзүбүздү кармай албай калдык, ишкана өзүн өзү актай албай калды деген чечимге келишибиз керек. Андан кийин алардын комиссиясы келип, текшерип туруп, андан кийин керек-жарак коому келип чындыкты айтып, баа коюп кетиши керек эле, – дейт мунайбазанын жооптуу кызматкери Маматалы Мамашарипов.

Башкы инженер Жаныбек Сабыралиевдин айтымында чукул кырдаалдар учурунда аталган базанын мааниси абдан чоң экенин белгилейт:

- Мына жазгы табият кырсыктары тооруган убакыт да келип калды. Алар келгенден кийин күнү-түнү коопсуздук кырдаалдар пайда болот дагы, база күнү-түнү иштеп туруш керек продукция чыгарып, жабыркаган элдерге таратыш керек. Кудай сактасын, сел, жер титирөө деген болот. Азыр кар эрип атат, ушул мезгилде 100 пайыз тоскоолдук кылат.

Mөөнөтсүз нааразылык акциясына чыгышкан мунайбазанын кызматкерлеринин айрымдары ишкананын жарымын сатуу боюнча өкмөт токтомун баскынчылык саясат катары баалашты:

- Өкмөттүн башында турган адамдар өздөрү маданияттуу морадер болуп атат. Оңой эле документтер менен чоң базаларды сатышып, сегиз олигархтын кызыкчылыгы үчүн 82 адамдын кызыкчылыгын тебелеп кетип атышат – деген оюн билдирди Айбек Абдыкадыров.

Мунай базанын аймагынын жарымысын сатуу боюнча өкмөт токтомун жокко чыгарууну талап кылган кайрылуу кат президентке, өкмөт башчысына жана Жогорку Кеңештин атына жолдонду.

XS
SM
MD
LG