Нааразылыкка Рысбек Акматбаевдин шайлоочуларынан жыйырмадай гана өкүл чыгып, алар Ысыккөл райондук администрация башчысынын иш бөмөсүнөн облустун губернаторуна кырдаал курчуп кетүү коркунучунда тургандыгын эскертишти. Алмаз Эшимбеков жайкы сезонго кедерги тийбесин деп элди толкутпай аз гана киши сүйлөшүүгө келип отурганын айтса, Чоңсарыой айылынын тургуну Акматбаевге депутаттык мандат берилбесе, эч кимди жолотпой тургандыктарын эскертти:
- Биз Рысбектен башка эч кимди шайлабайбыз, бизге депутатынын кереги жок. Бул баладан башкалар келбесин, биздин укугубузду тебелебесин. 80 пайыз депутаттыкка эч ким өтпөйт. Эл абдан чоң ишенич берип атат – Канатбек Токтобаев.
Чырпыктылык шайлоочу 30 миң шайлоочунун 79 эмес 30 эле пайызы көтөрүлсө социалдык чыңалуу болорун белгилейт:
- Азыр айыл-айылдарда балдар “Рысбектен колуңду тарт” деп плакат даярдап отурушат. Биз аларды тыйып, айланайындар бул плакатты койгула, биз тынчтыкта жашайлы, Рысбек мандатын алар деген жакшылык менен келдик – деди Жаңыл Исаева.
Акматбаевге депутаттык мандат бербөө үчүн Байсаловго кол салуу уюштурулган деген Камчыбек Исраилов, өзүнүн таламдаштары премьер-министрди кызматтан четтетүү талабын коюп жатышканын айтты:
- Өкмөт тарабынан Рысбеке болгон шылтоолор токтошу керек, же Кулов оттавкага кетиши керек.
Эл арасынан Акматбаевдердин энеси Сабира Соодалиева дагы ички бугун мындайча билдирди:
- Кулов баламды эмне тууралуу жоготту, балам анын ордун талашты беле? Эмне тууралуу жок кылды. Жок болгон баламдан кийин бир балам калса дагы, ага тийишпей элге тынтчтык бербейби. Рысбекке тынчтык бербегени элге тынчтык бербегени, – деп ыза менен сөзүн улай албаган эненин нааразылыгын Акматбаевдердин атасы Абдымалик аксакал Tынычбекти өлтүргөндөрдү Кулов калкалап атат деп коштоду. Ошондой эле ал Байсаловго Рысбек кол салган деп билдирүү тараткан Азиза Абдрасулованы сотко берерин айтты:
- Абдрасуловага тезден-тез прокуратура иш козгошу керек. Акматбаев Рысбекке таш алып бериптирби Байсаловду сок деп. Аны мен сотко берем.
Шайлоочуларды жана Акматбаевдердин ата-энесин сабырдуулукка чакырган губернатор Эсенгул Өмүралиев айтылган билдирүүлөрдү 14-апрелде өкмөт менен өлкө башчысына жеткирерин убада кылды. Эгерде ал жактан оң жооп келбесе аймакта кырдаал өзгөрүп кетишин жергиликтүү бийлик да тастыктады:
- Биздин райондо кырдаал оор. Ушул талапкерди колдогон шайлоочулар катуу талаптарды коюп атышат – деди Ысыккөл райондук акиминин орунбасары Дамир Моңолдоров.