Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

ОРУСИЯ : АДЫГЕЙ КРАСНОДАР КРАЙЫНА КОШУЛУУГА КАРШЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда 21 субъекти кошуп, алардын ордуна 8 жаңы ири түзүлүш уюштуруу башталган. Андай кошулуудан майда элдердин автономдуу түзүлүштөрү жок болуп кетүүдө дешет. Кайсы бир автономдуу округдар, жумурияттар мындай реформага каршы чыгышууда.

Биз мурда кеп кылган Устордолук бурят автономдуу округу менен Иркут обулусун кошуу боюнча референдум 16-апрелде өткөнү жатат. Ал эми Кавказ тоосун таяна жаткан Адыгей жумурияты менен Кара деңиз жээгин басып жаткан Краснодар крайын бириктирүү мүдөөсү тууралуу референдумду өткөрүнү кепке ала башташты.

2004 жылы 23-декабрде журналисттер алдында сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын президенти аймактардын ирдениши баарыдан мурда ал жакта жашаган калктын жыргалчылыгы үчүн деп келет:
«Ал (ирдентүү – ММ) Орусиянын мамлекет катары өзүн өзү сактап калуу үчүн туруктуу жагдай түзүшүнө багытталган», - деген эле президент Путин.

Анализчилер бул жерде саны жагынан басымдуулук кылган элдин кызыкчылыгы эске алынгандай дешет. Бул кайра Адыгей жумуриятындага 437 миң атуулдун 95 миңин түзгөн адыгейлер жок болуп кетишине шарт түзүү дешет.

Ошол себептен «Черкес конгрессинин» лидери Мурад Берзегов батыштык укук коргоочу уюмдарга дейре кайрылуу жазап атканын айтат:
«Адыгей жумуриятында өткөрүлгөнү аткан референдумдун арибин өзгөртүү үчүн ОБСЕге кат менен кайрылдык. Бул жерде саны жагынан аз элдин каалоосун ачык тактап бергидей референдум керек экенин айттык», - дейт биздин радио аркылуу айткан пикиринде.

Ошондон бери адыгей коомчулугу кол топтоп президент Путинге кайрылу жазаганы атканын да айтты.

11-апрелде Адыгей президенти Хазрет Совмендин кызматтан эрте кетемин арызын киргизүүсү да ушуга байланыштуу болгонун басылмалар жазышат. Маселен Lenta.ru (12.04.2006) жазганга караганда президент Совмен Түштүк федералдык округдагы Кремлдин өкүлү Дмитрий Козак менен жолугушуп, референдум өткөрүү кеби талкууга алынгандан кийин ушундай болуптур.

Маскөөдөн Адыгей лидерин кызматтан алуу коюу боюнча так чечим келе элек экен. Бирок адыгейлер арасы кандай да болбосун Краснодар крайына кошулбай тургандыгын ачык айта баштаганын агенттиктер кабарлоодо.

Кошумчалай кетчү жери Орусияда субъектерди ирдентүүдө биринчи аймак Перм крайы болду. Анын артынан Краснояр крайы Эвенк жана Таймыр автономдуу округдарды өзүнө сиңирип алды эле. Ал жактарда кошулуулар ың-жыңы жок өткөн.

XS
SM
MD
LG