Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

ПАСЕ БЕЛОРУССИЯНЫ КАЙРА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Белоруссияда өткөн президенттик шайлоону айыптаган резолюция кабыл алды. Документке белорус бийликтерин жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган сунуш да киргизилди. Резолюцияда Белоруссия менен мамилелерди жакшыртууда Россиянын активдүү таасири керек экени белгиленди.

ПАСЕнин атайын сессиясында доклад жасаган эстониялык депутат Андрес Херкел: “Белоруссия суверендүү өлкө,бирок демократиялык стандарттар баарына бирдей”, - деп билдирди. Плюрализми ченелген, маалымат каражаттарынын эркиндиги чектелген демократия болбойт. 19-мартта белорус бийликтери шайлоочуларга турсун эл аралык өкүлдөргө да эркин мүмкүндүк беришпеди. “Байкоочулардын укугу мынчалык чектелген шайлоону мен көрө элек болчумун, добуш саноо иши да башынан аягына чейин ачык болгон жок”,- деп айтты Херкел.

Шайлоону кайра өткөрүү талабын белорус оппозициясы койгон эле. ПАСЕ ушул талапты туура деп тапты жана аны резолюцияга атайын пункт кылып киргизди.

Бул токтомду россиялык делегация колдогон жок. Делегация башчысы Константин Косачев атаандаштар алган добуштардын айрымасы дээрлик 90 процентке жетерин эске салды. “Мындай шартта кайта шайлоо өткөрүү талап кылуу “обу жоктун” иши болуп калат”, - деп айтты ал.

Сессияга белорус парламентинин спикери Владимир Коноплев менен бириккен оппозициянын лидери Александр Милинкевич чакырылган эле.Экөө тең техникалык себептерге шылтоолоп,Страссбурга барышкан жок.

Документте мындан тышкары Евросоюзга кирбеген өлкөлөрдү Белоруссияга жарыяланган саясий санкцияларга кошулуу чакырыгы айтылды. Евросоюз президент Александр Лукашенко баш болгон бир катар белорус чиновниктерине шаркеттин өлкөлөрүнө киргенге тыюу салган. Белоруссия болсо өз кезегинде Евросоюзга жана АКШга каршы жооп кайтарган чараларды көрө турганын эскерткен.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы кабыл алган резолюцияда Белоруссия менен мамилелерди жакшыртууда Россиянын активдүү ролу зарыл экени да белгиленди.

XS
SM
MD
LG