Мурдагы бийлик тушунда деле коррупцияга каршы аркыл улуттук, ага кошулуп абийирдүү башкаруучулар, демократия коопсуздугун коргоочулар сындуу кеңештер түзүлүп, жыйынтыгы элдик ыңкылап менен аяктады. Дагы кызыгы - колу туткактарды Манастын арбагы менен коркутуп келген экс-президент Кыргызстандагы негизги коррупциячы болуп чыга келди.
- Кош стандарт болчу, бирди айтып башканы жасашчу. Чоң мүчүлүштүк ушул эле. Коррупцияга каршы күрөш үчүн үч шарт аткарылышы абзел. Биринчиси, саясий эрк болушу керек, жарандык коом ага каршы турушу абзел, күрөштүн реалдуу механизмдери иштелип чыгышы зарыл.
Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев мына ушул үч талап аткарылбаса коррупцияга каршы күрөш тек жооткотмо сөзгө, куру убадага жык толгон жасалма ишке айланып кетиши оңой эле деп эсептейт. Президент өткөн жылкы экономикалык көрсөткүчтөр начар болгону менен коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында бюджетке кыйла кошумча каражат түшкөнүн, андай акча быйыл да табыларын жарыя кылды. Коррупция менен кылмыштуулук боюнча Кыргызстан күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинде алдыда да, артта да эмес, ортодо турганын мисалга тартты. А бирок да коррупция коомдук турмуштун бардык жагын уялап, тамырын кенен жайып алган. Ага себепкер болгондор деле президент К.Бакиевдин ырасташынча, агайын-туугандардын өзү.
-Токтоткула ушу пара бергениңерди. “Пара бергенче бара бер” дегендей, бир жолу бардың - маселе чечилбеди, экинчи жолу бар, үчүнчү жолу бар, төрт, беш жолу бар,- деп айткан эле Курманбек Бакиев.
Жаңы бийлик өзгөчө үмүт арткан коррупцияга каршы турчу Улуттук кеңештин төрагасы болуп Рашид Тагаев дайындалды.
- Биз негизги милдеттерди аныктап, баарын ыраатка салып алсак, ишти эмнеден баштаарды, кантип баштаарды тактап, кайсы мекемеден кандайча баштоону билип алгандан кийин, кеңеш мүчөлөрүнүн ар бирөөнүн аткара турганын белгилеп алабыз,- деди Рашид Тагаев.
Кыргызстандын коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов мурдагы бийлик тарабынан он жылдап түзүлгөн коррупциялык системага каршы күрөшүүгө жалаң чакырык, жалындуу сөз аздык кыларын белгилеп, системалуу иш-аракет зарыл деген пикирде.
- Коррупциялык система дедик. Анткени он жылдан бери курулуп келген система. Ошонун негизинде революция болгон. Ошол системага каршы мамлекет өзүнчө бир системаны түзүш керек,-деп баса белгиледи Мирослав Ниязов.
Коррупцияга жол бербөө, аны алдын-алуу аракетин жасоого чакырылган жаңы агенттиктин жетекчиси Курманбек Жороев быйыл коррупцияга шарт түзчү себеп-жагдайларды изилдөө, даярдык иштерин жүргүзүү менен алектенип, кийин коррупцияга каршы күрөшүүчү кызматка киришерин маалымдады.
Кыргызстан абыдан коррупциялашкан өлкө экенин эл аралык уюмдардын иликтөөлөрү жыл сайын ырастап келатат. Өткөн жылы Бириккен улуттар уюмунун коррупцияга каршы болуу жөнүндөгү конвенциясына Кыргызстан да кол койгон. Ага мүчө өлкөлөр эгер коррупцияга малынган башка өлкөнүн аткаминерине башпаанек берсе, колу туткак чиновник келтирген зыянды ошол мамлекет төлөп берүүгө милдеттүү.
Ушу тапта Орусия менен Казакстанда баш калкалап жүргөн шектүү адамдарды Кыргызстанга кайтарып алууга конвенция мүмкүнчүлүк түзөрүн Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов ырастады.