Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

БАТКЕН КООМЧУЛУГУ ӨЛКӨДӨГҮ ОКУЯЛАРГА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


12- апрелде Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун өмүрүнө болгон кол салуу өлкө коомчулугунун арасында тынчсызданууну туудурду. Баткендеги бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү акыркы окуяларга байланыштуу республика президентине кайрылуу кат жолдошкон. Аталган уюм апрель айынын акырына уюшкан кылмыштуулукка каршы тынч митингисин өткөрүүнү да белгилеп жатышат.

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун өмүрүнө болгон кол салуусу Баткен облусунун район, шаарларында атуулдук коомчулуктун арасында терең кыжаалатчылыкты жана олуттуу тынчсызданууну туудуруп, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын облустагы бөлүмүнө тынымсыз телефон чалуулар болуп жатат,- дейт аталган уюмдун башчысы Карамат Орозова:

- Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын президентине, атуулдук коомдун лидерине, башкача айтканда жаштардын лидерине мындай криминалдын кол салышы биздин бүткүл кыргыз элине, Баткен облусунун жалпы элине көп капачылыкты алып келип, дүрбөлөңгө салды деп эсептейм. Себеби окуя болгон күндөн баштап, биздин коалициянын офисине миңдеген телефон чалуулар түшүп, Кыргызстанда жашоо болобу, же болбойбу, биздин укубузга ким кепилдик боло алат деген суроолор түшүп атат. Айрыкча, Кадамжай районунун ардагерлери биз өзүнчө кайрылуу жазып атабыз, сиз бизге факстын номерлерин берип коюңуз деп кайрылгандар болуп атат. Кызылкыянын жаштары, Лейлек районунун аялдар коомунан чыгып жатышат. Криминалдык топко каршы күрөшүүгө биз даярбыз дегендер көптөн-көп келип атышат.

Коомчулукта адам укугуктарынын коргоого ишеничи кетип жатат. Келечеги үчүн тынчсызданган ар бир атуул уюшкан кылмыштуу топто каршылыгын айтыш керек. Ошол максатта жакында тынчтык митингин өткөрүүнү белгилеп жатабыз деген оюн “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Хайыт Aйкынов төмөнкүчө билдирди:

- Эл депутаттарды, президентти шайлаганда өзүнүн добушун берүү менен аларга өзүнүн атуулдук, конституциялык укуктарын коргоо үмүтү менен берген. Бүгүнкү күндө коомчулукта ошондой мамлекет, өкмөт, бийлик тарабынан өздөрүнүн укуктарын коргоого болгон ишеничи кетип жатат. Себеби жанагыдай кылмыштуу топтордун барган сайын өздөрүн ачык жарялап, ачык эле каршылык көрсөтүп жаткандыгы болуп жатат. Атуулдук коом жалпы эле ар бир атуулдун келечеги үчүн тынчтанганын, кылмыштуу топко каршы өзүнүн пикирин айтыш керек. Биз жакынкы аралыкта акция уюштурганы жатабыз, бизди колдогон адамдар тынчтык митингге келип чыгышат.

Эгер чын баа бере турган болсок, бардыгы болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн башында бийлик турат. Бүгүнкү күндө эгер саясатты жакшы түшүнгөн, сабаттуу. ачык сүйлөгөн жаштардын арасынан бирөө жарым чыкса эле аны сөзсүз аттырат да, бул ишти криминал жасады деп издөөгө салат дейт өзүн атагысы келбеген жаштар уюмунун мүчөсү:

- Мен таңкалам эмне үчүн жогорку окуу жайларында саясатты, политологияны окутуп жатат. Анын кереги жок, анткени саясат жөнүндө грамотный сүйлөп койсо бийлик аттырып таштайт. Бийликте отругандар сынды жаман көрөт. Менде ушундай ой пайда болуп калды. Бүгүн Бакиевге каршы жүрүш кылсаң, бийлигин сындасаң ошол жаштар сөзсүз атылат. Аркасынан туруп ошол жаштарды криминал атты деп коет.

Баткендеги Адам укугу жана демократия борборунун башчысы Мелис Жаманкулов карапайым калктын кызыкчылыгын көздөп чыккан адамдарыбызга бийлик, же криминалдык күчтөр тарабынан койгон бут тосуусу бул мамлекеттин алсыздыгы, жана өлкөнүн өнүгүү стратегиясынын негизги минустары деп эсептейт:

- Бүгүнкү карапайым калктын кызыкчылыгын колдоп чыккан адамдарыбыз мамлекет, же кандайдыр бир криминалдык күчтөр тарабынан аларга бут коюсу бул мамлекеттин алсыздыгы, негизинен мамлекеттин өнүгүү стратегия элементтеринин ичинен бул негизги баскычтагы минустары деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG