Өзгөн районунун акими Үсөнбай Абдыраимовду жана Каракулжа районунун акими Жаңыбай Асырановду ээлеген кызматтарынан бошотуу жөнүндө президент Курманбек Бакиевдин жарлыгына каршы нааразылык акциясы 14-апрелдин кечинен бери улантылууда. Эки акимдин жактоочуларынын эки жүзгө жакын өкүлдөрү Ош облустук акимчилигине чейин келишип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн президент менен түздөн-түз байланыштырууну талап кылышты.
Кызматтан алынган акимдердин жактоочулары президенттин бул кадамын күтүүсүз жана эч нерсеге негизделбеген чечим катары баалашып, элдик акимдерди айыбы далилденмейин кызматтан кетиришпей тургандыктарын жарыялашты:
- Губернаторубуз Өзгөн районунун акимиатына барып, акимдерди эртең менен чакырып алган экен. Бул аким дайындалды дегендин үстүндө бизге кабар болуп калды. Эл анын кызматынан бошотулган себебин сурап келди. Жаңы акимдин ордуна отуруусуна эл уруксат беришкен жок, Каракулжага барбай ошол жерден кайтарды, – деди нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири Нурийла Касымалиева.
Өткөн айларда болуп өткөн кызматтан алуунун Жалалабат синдромуна окшошкон мындай көрүнүштү "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков бийлик төбөлдөрүнүн алдын ойлобогон аксарай оюндары катары баалады:
- Бул ыплас чиновниктер, бүгүн ыплас жолдору менен, алдамчылык жолдору менен бийликке келип алышып туруп, революционерлерди, карапайым элди жаманатты кылып көрсөтүп атышат. Бүгүн силер эмне үчүн келдиңиздер, барар жериңер жоктугунан келип отурасыңар.
14-апрель күнү түнкү саат 12ге чейин президенттин жообун күткөн нааразылык акциясынын катышуучулары талаптары аткарылмайынча облустук акимчиликти бошотпой тургандыктарын билдиришти. Бир канча убакыттан соң губернатор Адам Закиров эки аким тең кызматтарына кайра калыбына келтирилгендигин жарыялады:
- Борбор менин акыбалымды түшүнүшкөн окшойт. Болду маселе чечилди деди. Азыр мага кабар келди, президент команданы берди, эки аким тең ордунда калды, иштейт.
Анткен менен 15-апрель күнү эртең менен президенттин жарлыгы менен кызматтарынан кетирилген акимдердин кайра калыбына келтирилгендиги жөнүндө маалымат жалган болуп чыкты. Эл алдында кечирим сураган губернатор Адам Закиров кырдаалдын оордугун президентке телефон аркылуу түшүндүрө албай жаткандыгын айтып, ал үчүн Бишкекке учуп барууга уруксат сурады.
Жергиликтүү талдоочулар жогорудагыдай кадамдардын натыйжасында бийлик бедели күндөн-күнгө түшүп жаткандыгын белгилешүүдө.