Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

ТЕГЕРАНДА ПАЛЕСТИНА ӨКМӨТҮНӨ КАРЖЫЛЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ МАСЕЛЕСИ КАРАЛУУДА


Ушул күндөрү Тегеранда "Палестиналык Интифаданы колдоо" деп аталган конференция өтүүдө. Мындай жыйын Иран тарабынан үчүнчү жолу уюштурулуп жатат.

Бүгүн Газа тилкесинде беттерин чүмкөгөн бир топ палестин полициячысы Хан Юнус шаарында өкмөттүк имаратты басып алышты. Эки айдан бери айлыгын ала албаганына нааразы болгон тартип коргоочулар алгач чоң жолду бөгөшкөн эле. Асманга ок ачкан нааразылар бир нече сааттан кийин тынч таркап кетишти.

Бул окуя Иранда палестин өкмөтүнө материалдык колдоо көрсөтүү маселесин карап жаткан конференциянын канчалык актуалдуу экендигин айгинеледи. Палестин аймактарындагы соңку шайлоодо радикал Исламчыл Хамас уюму бийликке келгенден кийин, Батыш өлкөлөрү палестин өкмөтүнө буга чейин көрсөтүп келген 2 миллиард долларга чукул жардамынан баш тартышкан. Израилди тааныбаган Хамаска Иран жардамга келүүдө. Ирандын диний жол башчысы Аятолла Али Хоменейи мусулман өлкөлөрүн Хамастын өкмөтүнө жардам көрсөтүүгө чакырган. Феврал айында Хамастын саясий бюросунун жетекчилери Тегерандан болгондо, Иран өкмөтү финансылык жардам берүүнү убада кылган. Буга караганда, Тегеранда өтүп жаткан конференциядан Хамас кур кол кайтпайт, бирок Иран палестин өкмөтүнө канчалык өлчөмдө колдоо көрсөтө алаары азырынча белгисиз.

Мында көңүлгө ала турган дагы бир жагдай бар. Февралда Хамастын өкүлү Тегеран университетинде болгондо эгер АКШга өчүгүп, Иран Израилди жок кылса, орто жолдо палестиндер тепсендиде калаарын эскерткен жери бар. Буга караганда азыркы палестин өкмөтү Тегерандын колун карап турганы менен, эгер Кошмо Штаттары Иранга чабуул жасаса, Хамастын Иранга болушуп чыгаары күмөн.

Ирандын палестиндерди колдоп жатышынын төркүнү эмнеде? Биринчиден эгер өз алдынча палестин мамлекети курулса, Ирандын коопсуздугу бекемделмек. Мындан тышкары шийиттердин өлкөсү болгон Иран суннилер үстөмдүк кылган мусулман дүйнөсүндө тыңыраак көрүнгүсү келет. Анын үстүнө арабдар басымдуулук кылган Жакынкы Чыгышта парсылар азчылыкты түзөт. Палестиндерди колдоо менен Иран өзүн арабдардан мурда палестин экендигин, сунилерден мурда мусулман экендигин да көрсөткүсү келет шекилдүү.

Эртең аяктап жаткан үч күндүк жыйынга 500 чакты делегат, анын ичинде палестиналык радикал топтордун өкүлдөрү катышууда. Кечээ Ирандын президенти Ахмединежан чыгып сүйлөп, Израил мусулман дүйнөсүнө коркунуч келтирет деп айтты. Буга байланыштуу АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Шон МакКормак мындай реторика ядролук курал жасоого далалаттанган Ирандан эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун гана күчөтөт деди.

Сүрөттө :Ирандын Президенти Махмуд Ахмадинежад жана Хамастын лидери Халид Мишал

XS
SM
MD
LG