Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

17-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Айрым тарыхый маалыматтарда бул күнү казак ханы Кененсары кыргыздарга болгон чапкынын баштаганы, кыргыздардын айрым уруулары орус бийлигинен букаралык сурап кайрылганы жана биринчи бүткүл түркстандык мусулмандардын курултайынын өткөрүлүшү менен тарыхта калды.

Айрым тарыхый маалыматтарда 1848-жылдын бул күнү казак ханы Кененсары кыргыздарга болгон чапкынын баштаган. Россиянын архивдик материалдарында Кененсары кыргыздар тарабынан туткундалып, анын тагдыры чечилип атканы, кыргыз санжыраларында Кененсарынын чапкыны жана бейкүнөө калктын азап-шору, согуш аракети, Ормон хандын аскер тактикасы кең-кесири кабарланат.

1917-жылдын бул күнү Ташкент шаарында Бүткүл түркстандык мусулмандардын I курултайы ишин уланткан. Курултай өткөрүү демилгесин мусулмандардын буржуазиялык уюму аталган “Шуро- и исламия” көтөрүп, анын ишине 150 депутат катышкан. Курултайда чыгып сүйлөгөн Ахмат Зеки Велиди Тоган, Мустафа Чокаевдер убактылуу өкмөткө мамиле, мусулман окуу жайларынын абалы, билим берүү проблемалары сыяктуу көйгөйлүү маселелерди козгошкон.

2003-жылдын бул күнү Ош областынын Карасуу районундагы жер көчкүдөн беш баланын өмүрү үзүлгөн. Каргашага кабылган балдар, мектеп жашындагы окуучулар болушкан.

1918-жылдын бул күнү СССР Элдик комиссарлар комитети “Өрткө каршы мамлекеттик чара көрүүнү уюштуруу” Декретин кабыл алган жана бул дата СССР, кийин шериктештик өлкөлөрдө өрт өчүргүчтөрдүн күнү катары белгиленип келет.

1919-жылдын бу күнү Францияда 8 сааттык жумуш күнү туурасындагы мыйзам кабыл алынган. 8 сааттык жумуш күнүнүн киргизилиши буга чейин акыйкатсыздык жана турмуш запкысынан азап тарткан жумушчулардын зор жеңиши болуп калган.

Айрым тарыхый маалыматтарга ылайык 1336-жылдын бул күнү теңдешсиз полководец жана мамлекеттик ишмер Тимур, 1818-жылы орус императору Александр II жарык дүйнөгө келген.

Азаттык подкаст

XS
SM
MD
LG