Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:26

МАСКӨӨДӨ СӨЗ ЭРКИНДИГИН КОЛДООГО АРНАЛГАН МИТИНГ ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ Москванын борборундагы Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулуп сөз эркиндигин колдоого арналган митинг өткөрдү. Акцияга цензурадан жапа чеккен кыйла орусиялык белгилүү журналисттер катышты. Алардан сырткары «Яблоко», СПС партияларынын жана «Коргонуу» жаштар кыймылынын активдери катышты. Ошондой эле митингге чыккандарга жолтоо болууну көздөп аракет жазаган «Жаш Орусия» кыймылынын 20дай өкүлүн милиция кармап кеткен.

Маскөөдө азыркы бийлик касабына калган журналисттер тобу сөз эркиндигин талашуу актысын өткөрүштү. Алар түшкө жуук Пушкин аянтында митингге чогулушкан. Чыгып сүйлөгөндөр талабы массалык маалымат каражаттарындагы цензураны жоюу болгон. Орусиялыктарды алар бийликтен чындык менен маалыматты талап кылууда коркпогула деп үндөшкөн.

Баш калаа бийлигинен митинг өткөрүү үчүн уруксатты «Мен эркинмин» демилгечи тобу алган. Милиция кызматындагылар айтканына таянып ИНТЕРФАКС агенттиги митингге 3,5 – 4 миң киши катышканын жазат. Көчөгө чыгуу НТВ өкүмөтүк эмес сыналгысынын күч менен жабылышына беш жыл толгонго байланыштуу уюшулган экен. А куулуп калган журналисттер болсо ал жерде «цензуранын сыналгыны жеңгенге беш жыл толгондугуна» байланыштуу уюшулду деп айтышкан.

Ошол эле ИНТЕРФАКС белгилегенге караганда эл алдында ОРТ, НТВ, ТВ-6, REN-TV, ТВЦ сыналгыларынан кийинки беш жыл ичинде куугунга учурап бошотулган же андан ары иштөө мүмкүн болбой калганын көргөндө өздөрү бошонуп кеткен журналисттер тобу сүйлөшкөн.

Орусияда сөз эркиндиги баарыдан мурда электрондук массалуу маалымат каражаттарда чектелүү экендиги ачык айтылып жүрөт. Андай маселеге бийликтин айткан жообу да бар. Маселен, 2004-жылы 23- декабрде чет өлкөлүк жана орусиялык журналисттер менен өткөн жолугушууда президент Владимир Путин басма сөздүн экономикалык жактан көзкарандысыз болуусу сөз эркиндигинин кепили болот деген эле:

«Алдыбызда массалуу маалымат каражаттарын көзкаранды (кылып аткан – ММ) экономикалык негиз менен камсыз кылуу зарылдыгы жана милдети турат», - деген эле орусиялык президент.

Анализчилер байкоосунда мамлекет карамагына алган басылмалар, сыналгы, үналгы жана интернет советтик кездегидей бийликтин көз карашындагы чындыкты чагылдырууга өтүшкөн. Ошондуктан митинг үстүндө сүйлөгөн мурдагы НТВнын башкы деректири Евгений Киселев айтканга караганда «азыркы тушта абдан көп журналисттер бийликтин касабына калуу кандай болорун көрүшкөндүктөн коркконунан баш көтөрө албай калышкан».

Ошол жерде биздин кабарчыга айткан пикиринде мурдагы НТВ журналисти Виктор Шендерович эмне үчүн элге сөз эркиндиги керек экендигин чечмелейт:

«Демократия деген – тандоого мүмкүнчүлүк алуу. Анализден өткөрүүгө мүмкүндүк алуу, (экинчи тарап менен – ММ) кайра байланышууга мүмкүндүк алуу. Ошондой болуш үчүн басма сөз эркин болушу керек», - дейт Шендерович мырза.

Беш жыл арасында Орусияда бардык дээрлик маалымат каражаттары бийликке баш ийип калганын анализчилер айтышат.

Митингге дегинкиси оңчул партитялар жаштары чыгышкан. Таанымал саясатчылардан СПС лидери Никита Белых, КПРФ мүчөсү Василий Шандыбин катышкан. Бир саатка созулган акты маалында «Жаш Орусия» кыймылынын уруксаты жок чыгышкан активистерди милиция кармап кеткен. Ордо калаа боюнча ИИМ башкармасы маалымдаганга караганда «уруксаты жок митинг өткөрүү аракетин жазаган 17 киши кармалган».

Уруксаты бар митингге чыккандар «Бүгүн цензура – эртең диктатура!», «Путинден пультту алып салгылачы!» деген чакырыктары болгон.

Орусияда цензуранын пайда болушуна каршы көчөгө чыгуу уюштургандар 12 июнда – Күңкорсуздук күнү кайра да чыгыша тургандыгын жарыялашкан
XS
SM
MD
LG