Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

НЬЮ-ЙОРК ФЕСТИВАЛЫ, CҮРӨТЧҮЛӨРДҮН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ


Бейшемби күнү Маргарет Мид атындагы документалдык фильмдердин Нью-Йорк фестивалы жыйынтыкталды. Шаршембиде Маданият министрлиги бекиткен «100 маданий долбоордун» алкагында сүрөтчүлөрдүн күнү белгиленди.

Сүрөтчүлөр күнүнө арналган салтанат Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында болуп өттү. Майрамдык кечеге бир катар маданий ишмерлер жана аталган окуу жайдын студенттери катышты. Иш чаранын алкагында сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, анда коюлган мыкты эмгектери үчүн айрым студенттерге сыйлыктар ыйгарылды.

Бул иш чара менен катар эле 13-апрелде сүрөтчүлөр шаарчасында көргөзмө ачылды. Анда 50дөн ашык кыргыз сүрөтчүлөрүнүн түрдүү темадагы эмгектери чагылдырылды.

Шаршемби күнү «Тунгуч» тамаша театры коомдук жана маданий ишмерлерге, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана театр кызматкерлерине «Менин революциям, менин сүйгөнүм» аттуу спектаклин көрсөтүштү. Оюндун автору Жамал Сейдакматованын айтымында аталган спектакль менен Жалал-Абад, Ош жергесине гастролдошот. Андан соң Кыргызстандын башка аймактарын кыдырышат.

Бейшемби күнү Маргарет Мид атындагы документалдык фильмдердин Нью-Йорк фестивалы жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган бул иш чаранын алкагында Американын, Швециянын, Австралиянын, Өзбекстандын, ошону менен бирге Кыргыз кинематографистери тарабынан тартылган даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Казакстандан келген коноктордун бири Ардак айым кыргыз киноишмерлери менен болгон алаканы мындайча белгилеп өттү.

-Биздин кызматташуу илгертеден бекемделип келген. Мындан нары да байланышыбыз уланып, келечекте киножаатындагы маанилүү долбоорлорду бирге ишке ашырып, чоң ийгиликтерди жаратабыз деген ишеничтемин.

Фестивалдын үчүнчү күнүндө кыргыз режисерлору тарабынан тартылган даректүү тасмалар көрсөтүлүп, жаңыдан кино чөйрөсүнө аралашып келе жаткан режиссерлорду колдоо максатында түзүлгөн «Жаш кинематографисттердин уюмунун» бет ачары болду. Ошондой эле Марат Алыкуловдун «Чек ара» аттуу жаңы тасмасы көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалыктын жана «Кыргызфильм» студиясынын клдоосу менен тартылган бул тасма Америка Кошмо Штатынын «Maine» кинофестивалына жана Москвада өтүүчү кинофорумга чакыруу алган.

Жума күнү «Кыргызсериал» студиясы жакында тартылган «24саат» аттуу 20 бөлүктөн турган көркөм тасмасынын бет ачар аземин өткөрдү. Кылмыштуулукка каршы аракеттерди көздөгөн бул сериял көрүүчүлөргө 17-апрелден тарта сунушталат. Аталган фильм менен катар эле кинорежиссер Нурбек Эген тарткан «Бабалардын сандыгы» аттуу көркөм тасманын бет ачары болду.
XS
SM
MD
LG