Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:25

ИРАК ПАРЛАМЕНТИНИН СЕССИЯСЫ САЯСИЙ АРАЗДАШУУДАН УЛАМ КИЙИНКИГЕ КАЛДЫ


Ирактагы саясый кырдаал татаал бойдон калууда. Парламенттин бүгүн дүйшөмбү күнгө белгиленген жыйыны саясый партиялар ортосундагы карама-каршылыктан улам, болбой калды. Cоңку маалыматтарга караганда, кечээ жекшемби күнү жардыруулардан жана куралдуу кол салуулардан Иракта отуздан ашуун адамдын каны төгүлдү.

Ирак парламентти саясый да, аскерий да кырдаалдан улам 17-апрелге белгиленген жыйынга чогулбай калды. Жекшемби күнү Ирак парламентинин төрагасынын милдетин аткаруучу Эднан Пачачи жаңы өкмөттү түзүү үчүн убакыт зарыл болгонун, анүчүн сессия кийинге калтырылганын билдирди:

-Жума күнү саясый партиялар өкмөт мүчөлөрүнө талапкерлерди талкуулай баштады жана кызмат орундарын бөлүштүрүү маселеси жаңы түзүлгөн комитетте талкууланууда. Комитет ишемби күнү жолугушту, жекшемби күнү да кездешип, парламенттин сессиясы боюнча бир бүтүм чыгарышат.

Ошентип, декабарда шайланган парламенттин экинчи жолку сессиясы качан болору азырынча белгисиз.
Ибрагим ал-Жафаари премьер-министр болуш керек деп, бекем турган шииттердин альянсы кечээ башка талапкерди талкуулаганга макулдук бергенден кийин, абал бир кыйла жеңилдей түштү. Шиит ал-Жафааринин өкмөттү жетектөөсүнө суннилер менен күрттөр каршы чыгып жатышкан. Алар ал-Жафаарини өлкөдөгү кандуу зобундарды токтотуу үчүн чечкиндүү аракет кылбады деп санашат.
Эми эки жак парламенттин төрагасы боюнча бир мунасага келиши шарт.

Иракта АКШ башындагы колаициялык күчтөр болгонуна карабай, тынчтык жок. Кырдаал татаал. Жекшемби күнү жардыруулардан жана куралдуу кол салуулардан өлкө боюнча 30дан ашуун адам курман болду. Бул чабуулдар түздөн түз карапайм ирактыктарга каршы, эл арасында бийликке ишенбөөчүлүк жаратуу үчүн, сунниттер менен шииттерди азаздаштырууга багытталган деп айтса болот.

Ирак полициясынын маалымдашынча, 16-апрелде Багаддын түштүгүндөгү Махмудия шаарынын базарына кире бериште автомобилге коюлган бомба жарылып, 11 адамдын өмүрүн алды. 25 киши жарадар болду.
Андан мурдараак Багдадда ушундай эле жардыруу төрт кишинин өмүрүн алган. Багдаддын шииттер маалесинде дагы бир автобус жарылып, үч киши набыт кеткен.

Түндүктөгү Мосул шаарында согушчандар жети жумушчуну атып кетишкен. Ал эми Бакуба шаарында автобус аткыланып, беш киши окко учкан.

XS
SM
MD
LG