Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

АКШнын КОРГОО МИНИСТРИ РАМСФЕЛДДИ КЫЗМАТТАН КЕТҮҮГӨ ЧАКЫРГАН ГЕНЕРАЛДАР КӨБӨЙДҮ


АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелдди кызматынан кетүүгө чакырган отставкадагы генералдардын саны алтыга жетти. Бирок, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн штаб акимдеринин биргелешкен комитетинин мурдакы акими Ричардс Майерс генералдардын чакырууну согуш жүрүп жатканда жасаганы “өлкө үчүн жаман” деп, колдогон жок. Президент Буш мурдакыдай эле Рамсфелдди колдоду.

Отставкадагы америкалык алты генералдын пикиринче, Дональд Рамсфелд Ирактагы согуш начар пландалганы үчүн жооптуу. Алардын бири, мурда Ирактагы жөө аскерлер дивизиясынын командачысы, генерал-майор Жон Батистенин айтышынча, коргоо министри кызматынан кетсе өтө жакшы болмок жана командада иштөөнүн өзгөчөлүгүн түшүнгөн, ар нерсеге кирише бербеген, кекирейбеген жаңы граждандык жетекчи болсо, Пентагонго жаңы дем алып келмек.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрүндө коргоо министрине аскерий эмес адамдарды дайындоо кеңири жайылган тажрыйба.

Генералдар Рамсфелдди аскерий кеңештерди укпайт, Иракка өтө аз аскер жөнөттү деп да күнөөлөштү. Жекшемби күнү НАТОнун мурдакы командачысы, АКШлык генерал Уесли Кларк да Рамсфелдди кызматтан кетүүгө үндөдү. Ал Рамсфелддин согуштук саясаты натуура жана аны алмаштырчу мезгил жетти деп санайт.

Президент Буш мурдакыдай эле Рамсфелдди колдоду. Рамсфелд өзү болсо 14-апрелде “ал-Арабия” телеканалына берген интервьюда, генералдардын сөзүнө көңүл бурбасын айтты:

-Мен президент канааттангандай кылып кызмат өтөйм. Ырас, эки-үч же төрт отставкадагы генералдын көз карашы башкача. Мен алардын пикирин урматтайм. Бирок, миң-миңдеген биздин адмиралдар менен генералдарыбыздын арасынан эки же үч адам каршы чыгууда деп, коргоо министрин алмаштыра берсе, анда кызмат “чарк көпөлөк айланып, колдон колго өтүп калбайбы”.

Отставкадагы генералдардын нааразылыгына байланыштуу АКШнын Коргоо министрлиги атайын меморандум жарыялады. Анда Пентагон мурдакы командирлерди жана аскерий эмес талдоочуларды отставкадагы генералдардын Доналд Рамсфелдди сындоолоруна каршы өз пикирлерин айтуу сунуш кылынат.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жекшемби күнү кабарлашынча, меморандум бир топ генералдарга Интернет аркылуу жөнөтүлгөн. Аталган меморандумда айтылганга карганда, генералдар чечим кабыл алууга өтө көп катыштырылып жүрөт. Мисалы, Рамсфелд 2005-жылдан бери Куралдуу күчтөрдүн штаб акимдери менен 139 жолу, ал эми командачылар менен 208 жолу кездешкен.

Талдоочулардын белгилешинче, бул сындуу меморандумду жарыялоо Пентагон үчүн өтө сейрек көрүнүш жана отставкадагы генералдар аны Коргоо министрлигин айыптоо үчүн колдонушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG