Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

МУХАММЕД ПАЙГАМБАРДЫН ТУУЛГАН АЙЫНА АРНАЛГАН “КУТТУУ ЖУМАЛЫК”


Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Мухаммед пайгамбардын туулган айынын урматына “Куттуу жумалык” аттуу диний салтанат өткөрүлдү. Салтанатты жылдагыдай эле Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы биргелешип уюштурган.

Кезинде дал ушул апрель айында Владимир Ильич Лениндин туулган күн салтанаты өтчү мамлекеттик имарат-жайда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө, туулган айына багышталган “Куттуу жумалык” иш-чарасы белгиленип, ага келген эл-журт батпай, жүздөгөн адамдар залдын эки жак жээгинде тике туруп катышты. Пайгамбарга бийик сөздөр жаады. Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Даут-ажы Абы уулунун сөзүнөн:

-Атактуу британиялык жазуучусу Бернард Шоу өзүнүн бир чыгармасында: “Азыр арабызда Мухаммед пайгамбар бар болгондо дүйнөнүн бүт проблемалары чечилип калар эле...” деп бекеринен жазбаса керек.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман айым куттук сөзүн айткан соң Түркиянын Кыргызстанга көрсөткөн дин багытындагы урунттуу жардамдарын атап өттү. Элчи-айымдын айтуусунда, буга чейинки 15 жыл ичинде Кыргызстандын диндик муктаждыктарын толуктоо үчүн Түркия кызматташтыгы ургаалдуу уланып келди. Түркия Кыргызстандын Кочкор районунда жана Ош шаарында эки чоң мечит салган. Ошол мечиттер - Осмон-түрк архитектурасынын Кыргызстандагы эң сонун өрнөктөрү.

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин даярдоо бөлүмү Анкара университетинин теология факультетинде даярдалат. Учурда аталган факультетте 118 студент окуп жатат жана буга чейин 250сү окууларын бүтүрүп кеткен. Ош мамлекеттик университетинин “Арашан” теология факультетине да түркиялыктар жакындан жардам берип келишүүдө.

Түркиянын колдоосу менен кыргыз тилинде чыгарылган 450 миң нуска китеп элге акысыз таратылган. Курман айт майрамдарында Түркия элчилигинин дин иштери корунун эсебинен 1995-жылдан тартып 2560 баш мал союлган жана алар негизинен кыргызстандык бей-бечараларга таратылган. Түркия элчиси мындай жардам берүүлөрдү Мухаммед пайгамбар осуяты менен байланыштырды.

“Куттуу жумалыкта” түркиялык жана кыргызстандык балдардын түрк тилиндеги диний ырлары айрыкча сезим козгоду. “Куттуу жумалыкка” айылдан келип катышып жаткан аксакал Дабын Бечековдун ою боюнча, улуттук идеология дал ушул Мухаммед пайгамбардын осуяттарында жатат.

Бишкектеги Азрети Омар атындагы ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов пайгамбардын 1435 жыл мурда ак таңда төрөлгөндүгү – ыймансыздык, кудайсыздык караңгылыгынан инсаниятты ыйман, ислам жарыктыгына алып өтө турган аян болгондугун баса белгиледи.
XS
SM
MD
LG