Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

ИЗРАИЛДЕ ЖАҢЫ ТЕРРОР АРАКЕТИ ИШКЕ АШЫРЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 17-апрелде Израилде террордук аракет ишке ашырылды, жан кечти-террорчу Салим Хаммада менен кошо дагы сегиз адам набыт кетти, алтымышка жакын киши жараат алды.

Бул аракет - 30-мартта Палестина автономиясында бийликке жаңы өкмөт келгенден берки биринчи террордук аракет жана ал ХАМАС уюмунун өкмөтүн оор абалга такады. Экинчиден, жарылуу Тел-Авив шаарынын эски автовокзалынын жанындагы ашкананын алдында болду.

Дал ушул жерде үстүбүздөгү жылдын 19-январында дагы бир жан кечтилик жарылуу болгон, анда 15 адам жараат алган. Дагы бир өзгөчөлүк - жарылуу үчүн эки башка уюм жоопкерчиликти өзүнө алды. Алар - "Сарая ал-Кудс" деген уюм, ал - Исламдык жихаддын" аскерий бөлүгү.
Жоопкерчиликти өзүнө алган башка бир уюм -"Ал-Акса азапкерлери" деген уюм, ал ФАТХтын аскерий бөлүгү.

Израил тарап террордук аракетти дароо сынга алды жана ХАМАС менен мамиле түзүү мүмкүн эмес экенин бул окуя далилдеди деп билдирди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Амира Орондун айтымында, бул окуя - Израилдин буга чейин жүргүзгөн саясаты туура экенин далилдеди. Израилдин Бириккен Улуттардагы өкүлү жарылууну - согуш жарыялоо деп атады.

ХАМАС уюмунун бул террор актына түздөн-түз тийешеси болбогону менен, анын өкүлү Сами Абу Зухринин айтымында, мындай террорго Израилдин саясаты түрткү болууда: "Биздин Палестина элине айталы дегенибиз - алар өзүн өзү коргоого укуктуу. Бул окуя - сионисттер Палестина элине каршы жүргүзүп жаткан саясатка кадыресе жооп. Агрессиянын уланышына израилдик оккупация себеп болууда", - деди Абу Зухри.

Анткен менен Палестина президенти Махмуд Аббастын жардамчысы Саеб Эрекат террордук аракетти сынга алды: "Президент Махмуд Аббастын атынан биз бул аракетти сынга алабыз, карапайым адамдарга каршы көрүлгөн кандай болбосун аракеттерди биз жактырбайбыз. Мындай аракеттер Палестинанын кызыкчылыгында эмес", - деди Эрекат.

Террор аракети ишке ашырылганына карабай, Израилдин жаңы шайланган парламент мүчөлөрү салтанаттуу түрдө ошол эле күнү ант берди. Бирок түнүчүн жөөт аскерлери Газа шаарын ракеталар менен бомбалады. Мындай чабуулдарды Израил акыркы апталарда такай ишке ашырып келүүдө. Чет өлкөлүк жардамды Палестина Израил аркылуу алат жана анын баарын жөөт өкмөтү токтотуп салган.

XS
SM
MD
LG