16-апрелде Устордо округу менен Иркут обулусунда өткөн референдум калктын шайлооканага көп келип берүүсү менен айырмаланган. Ал туурасында «Эхо Москвы»: «Орусияда бийлик калктын 100 пайызын тең добуш бердирте алчу жерлер дагы эле бар экен», - деп жазып чыкты.
Ырасмий маалыматка караганда, Иркутск обулусу менен Устордо округунда жашагандардын 99 пайызы добуш берүүгө катышкан. ИТАР-ТАСС агенттиги таркаткан маалыматта шайлооканага келгендер 10 пайызы гана эки тараптын кошулуусуна каршы добуш берген. Басылмалар жазганга караганда устордолук буряттар округу жоюлуп, анын ордуна областтын карамагындагы өзгөчө укуктуу админстративдик бөлүк пайда болот экен.
Иркутск обулустук шайлоо комитетинин төрагасы Виктор Игнатенко айтканга караганда 1993-жылы устордолук аймакты саясатчылар облустан бөлүп салышкан. Мындан ары андай жорук кайталанбайт:
«Бул чечимди (азыр – ММ) калк кабыл алды. Мындан ары аны бузуу саясатчылардын эмес элдин гана колунан келет», - деди Игнатенко кечээ мамлекеттик сыналгыдан айткан пикиринде.
Игнатенко атын тергеген саясатчы Борис Ельцин болгон. Президент Ельцин тушунда өз алдынча субъект болууга жетишкен устордолук буряттар арадан он жыл өтпөй, президент Путиндин тушунда өз субъектисин жоготууга дуушар болушту.
Натыйжада жери эли Сталиндин тушунда (1937-жылы – ММ) үчкө бөлүнүп калган буряттар, Кремлдин аймактарды ирдентүү саясатынан улам орустар арасына аралашып, элдик касиетин жоготуп коюу коркунучу астында калды дешет.
Ишембиде Маскөөдө жашаган буряттар диаспорасынын жетекчилиги өткөргөн маалымдоо жыйынында устордолук жана агиндик буряттар Иркутск обулусуна кошулуусуна каршы экенин билдиришти. Бурят диаспора жетекчилеринин бири, Марина Сайдукова айтканга караганда боордоштору азыр өздөрүн жарандар согушу алдында тургандай сезишет. Мындай кырдаалдан аман эсен чыгуунун жолун издешет:
«Орусия федерациясы – бул бурят элинин мекени. Менимче (кийинки учурда – ММ) катаал тенденция пайда болду, анын айынан биз жарандык согуш алдында тургандайбыз!» - деди буряттык диаспора өкүлү.
Андан ары Сайдукова айым алар Орусия федерациясынын конституциясында жазылган укук жана милдеттин негизинде өз максатына жетише тургандыгын айтты.
Анализчилер болжолунда аймактарды ирдентүүнүн негизинде саясий шаани бар. Аны менен бийлик саны жагынан аздык кылган элдердин көз каранды эместигин сиңирип жок кылып салып атат дешет. Саясатчы Дмитрий Орешкиндин айтымында «Ал субъектерде мамлекеттик негиздин болушу маскөөлүк жетекчиликке жакпайт. Ал акыры бир улуттук субъектиге айланып Федерацияга толук кандуу мүчө болууну талап кылуучудай же такыр эле бөлүнүп кетүү кебин козгоочудай болуп көрүнө берет». Ошондон улам алардын алдын эмитен тороо болуп атканын айтат.