Президент адегенде өкмөт мүчөлөрүнөн, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн партиялык ишмердикти токтотууну талап кылган. Жогорку жетекчиликке сын айтууга тыюу салуу анын мамлекеттик кызматчыларга айткан кезектеги эскертүүсү болуп калды.
-«Бийлик бутактарында иштеген бардык жетекчилерге эскертип кетейин. Кимде ким президентти, премьер-министрди сындай турган болсо катуу чара көрүлөт. Же болбосо аткарган милдетин тапшырып, саясий партияларга кирип алып сындай берсин»,- деди Курманбек Бакиев ишембиде жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө.
Бир катар коомчулук өкүлдөрү Президенттин мындай эскертүүсү аябай эле өөн учураганын белгилешүүдө. Бул компартиянын башкаруу системасынындагы коркутуп-үркүтүүгө окшошуп турат, сын-пикирдин да ар кандай мазмундагысы болот, дейт Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева:
- Сын-пикирдин негизи бар болсо, эмне үчүн аны кызматтан кетирүү керек. Эгерде иштеги проблемаларды көтөрсө, мамлекеттин туура эмес саясатына өзүнүн көз карашын билдирген андай мамлекеттик жетекчини менимче колдош керек. Президенттин бул маселе тууралуу саясий кайрылуусу туура эмес, деп ойлойм.
Ошол эле учурда, экинчи бир саясатчылардын пикиринде, Президенттин кадамында натуура эч нерсе жок. Аткаруу бийлигиндегилер бир командада, бир ой-максатта иш алып баруусу керек деп эсептейт депутат Кабай Карабеков. Анткени, дүйнөлүк тажрыйба боюнча эгерде аткаруу бийлигиндеги кайсыдыр бир жетекчи президенттин жүргүзгөн саясатын колдобосо, анда ал башка тармакка же оппозицияга кетүүсү зарыл.
Экс-министр, мурдагы губернатор Султан Урманаев мурдагы аткаруу бийлиги «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» иштеп келгенин белгилейт.
- Президенттин айтканы айткандай болушу керек. Антпесе, мамлекетте эч кандай тартип болууга мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө өкмөт кабыл алган токтомду парламентке алып келип, кээ бир министрлер депутаттар менен өздөрү келип иштеп атышат. Бул дагы туура эмес деп эсептейм.
Эгерде мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө ар бир райондогу акимдер өз билгениндей иш алып барса, өлкөдө башаламандыкты пайда кылат. Ошондуктан бийлик бутактарынын бардык тармактары бир командада иштегени туура, дейт Талас облусунун Манас районунун акими Анарбек Осмоналиев .
Айрым бейөкмөт уюмдардын көз карашында президент туура багытта, кемчиликтерди жоюу максатында коомго пайда алып келүүчү сын-пикирлерге колдоо иретинде билдирүү жасаса, коомчулукта колдоо таап, кайчы пикирлерди жаратмак эмес.