Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ИРАНГА КАРАТА ЧАРАЛАР МОСКВАДА КАРАЛАТ


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө жана Германиянын ырасмий өкүлдөрү Иран кризисин талкуулаш үчүн Москвада чогулду. Шейшембиде Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Иранга кол сала турган баскынчылар терең өкүнүчтө калат деп эскертти.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө менен Германиянын өкүлдөрү Иран маселесин талкуулаганы кайрадан чогулду. Соңку күндөрү Тегеран уранды байытууну атомдук электрстанцияларга отун катары пайдаланчу деңгээлге жеткиргенин билдирген.

Иран дагы эле өзөктүк программасы өлкөнүн энергетикалык керектөөсүн канааттандыруу максатын көздөөрүн кайталап келатат. Батыш өлкөлөрү Тегеран өзөктүк курал даярдоого умтулууда деп шектенет.

Бул ирет Москвада чогулган Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө өлкөлөр менен Германиянын ырасмий өкүлдөрү Иранга каршы колдонулчу чараларды талкуулап жатат, мурунку күнү эле алар Иран боюнча ар башка билдирүүлөр жасагандыктан, азырынча кандай чечим кабыл алынаары белгисиз.

Маселен, Тегеран менен кеңири соода-экономикалык катышы бар Орусия менен Кытай Иран маселеси дипломатиялык жолдор аркылуу чечилиши керек деген пикирде. Бул көз карашты Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Чин шейшембиде дагы бир ирет бышыктады.

-Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Кю Тянкай Тегеранга барып, Ирандын өзөктүк программасын талкуулап келди. Бэйжин азыркы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип келатат. Биз кызыкдар тараптардын баары сабырдуулуктан жазбай, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүргүзүү үчүн абдан зарыл ийкемдүүлүктү көрсөтө алат деп үмүт кылабыз, - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чин.

Аңгыча шейшембиде Ирандын тегерегинде чыңалып бараткан кырдаалдан улам чийки мунайдын дүйнөлүк баасы кескин көтөрүлүп кеткени кабарланды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG